ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ</b> – жанар­тоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптө­рүндө чөкмө тектердин пайда болуу ж-а алар­дын өзгөрүү процесстери. Климат шартына бай­ланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, | <b type='title'>ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ</b> – жанар­тоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптө­рүндө чөкмө тектердин пайда болуу ж-а алар­дын өзгөрүү процесстери. Климат шартына бай­ланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, башкача айтканда тектоникалык ак­тивдүү жерлерде жүрөт. Жанартоо-чөкмө тектер­ди пайда кылган материалга жанартоонун атылышынан чыккан талкаланган кесек бөлүк­чөлөр же гидротерм эриндилери м-н газ эмана­циялары кирет. Бөлүкчөлөр жанартоодон аты­лып түшкөн жерде же андан которулуп, кура­мы боюнча бир түрдүү камдашкан тоотекти – жа­нартоо туфтарын пайда кылат. Анын курамын­дагы чөкмө заттардын өлчөмү алардын котору­лушунун узактыгына байланыштуу болуп, кээ­де 10%ке, айрым учурда андан да ашып кетет. Пайда болгон тектер кесек бөлүкчөлөрдүн өлчө­мүнө ж-а минералдык курамына карай бир не­чеге бөлүнөт. Жанартоо-чөкмө литогенезинин натыйжасында жа­нартоо-кремнийлүү, жанартоо-карбанаттуу ж-а жанартоо-кесекчелүү геологиялык формациялар, ошондой эле хемоген жанартоо-чөкмөлөрү (яшма, темир, мар­ганец кенташтары, фосфориттер ж. б.) пайда болот, к. <i>Жанартоо</i>. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
07:02, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ ЛИТОГЕНЕЗИ – жанартоолуу аймактагы кургактыкта, деңиз түптөрүндө чөкмө тектердин пайда болуу ж-а алардын өзгөрүү процесстери. Климат шартына байланышсыз эле, интрозоналуу түрдө, негизинен геосинклиналдуу аймактарда, башкача айтканда тектоникалык активдүү жерлерде жүрөт. Жанартоо-чөкмө тектерди пайда кылган материалга жанартоонун атылышынан чыккан талкаланган кесек бөлүкчөлөр же гидротерм эриндилери м-н газ эманациялары кирет. Бөлүкчөлөр жанартоодон атылып түшкөн жерде же андан которулуп, курамы боюнча бир түрдүү камдашкан тоотекти – жанартоо туфтарын пайда кылат. Анын курамындагы чөкмө заттардын өлчөмү алардын которулушунун узактыгына байланыштуу болуп, кээде 10%ке, айрым учурда андан да ашып кетет. Пайда болгон тектер кесек бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнө ж-а минералдык курамына карай бир нечеге бөлүнөт. Жанартоо-чөкмө литогенезинин натыйжасында жанартоо-кремнийлүү, жанартоо-карбанаттуу ж-а жанартоо-кесекчелүү геологиялык формациялар, ошондой эле хемоген жанартоо-чөкмөлөрү (яшма, темир, марганец кенташтары, фосфориттер ж. б.) пайда болот, к. Жанартоо.