ЖАНКОРОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНКОРОЗ</b> Бердикожо уулу (1830, Кетмен-Төбө | <b type='title'>ЖАНКОРОЗ</b> '''Бердикожо уулу''' (1830, Кетмен-Төбө өрөөнү – 1910, Беш-Таш өрөөнү) – акылманды­гы м-н элге кеңири таанымал инсан, саруу уруу­сунан. Молдодон окуп, сабатын жойгон. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакы­рылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто урууларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жыл­дан Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары м-н жергиликтүү элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер ара­сында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан гене­рал-губернатору Кауфман 19-кылымдын аяк ченде­ринде Бишкекте ж-а Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Жанкорозго башкарткан. Ал Олуя-Ата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал эс­теликтер келгиндер тарабынан талкаланып жат­кандыгын билдирген. Ушундан кийин Ташкент­тен экспедиция келип, Жанкороздун коштоосунда Та­ластагы археологиялык эстеликтер м-н таанышкан. Бул экспедицияга кыргыз тарыхында эң баалуу ачы­лыш болгон – Айыр-Там-Ойдо ташка чегилген байыркы түрк (рун) жазуусун таап берген. Ошондой эле аш-тойлордо байгеге адам саюу, кул, күң кы­лып, барымтага киши берүү сыяктуу салт­тардын жоюлушуна жетишкен. 1870-жылы Меке­ге барып, ажы болуп кайткан. Жанкороз сексен жаш курагында Беш-Таш өрөөнүнүн оозундагы Бүл­күлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан. | ||
өрөөнү – 1910, Беш-Таш өрөөнү) – акылманды­гы м-н элге кеңири таанымал инсан, саруу уруу­сунан. Молдодон окуп, сабатын жойгон. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакы­рылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто урууларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жыл­дан Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары м-н | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
07:32, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНКОРОЗ Бердикожо уулу (1830, Кетмен-Төбө өрөөнү – 1910, Беш-Таш өрөөнү) – акылмандыгы м-н элге кеңири таанымал инсан, саруу уруусунан. Молдодон окуп, сабатын жойгон. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакырылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто урууларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жылдан Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары м-н жергиликтүү элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер арасында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан генерал-губернатору Кауфман 19-кылымдын аяк чендеринде Бишкекте ж-а Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Жанкорозго башкарткан. Ал Олуя-Ата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал эстеликтер келгиндер тарабынан талкаланып жаткандыгын билдирген. Ушундан кийин Ташкенттен экспедиция келип, Жанкороздун коштоосунда Таластагы археологиялык эстеликтер м-н таанышкан. Бул экспедицияга кыргыз тарыхында эң баалуу ачылыш болгон – Айыр-Там-Ойдо ташка чегилген байыркы түрк (рун) жазуусун таап берген. Ошондой эле аш-тойлордо байгеге адам саюу, кул, күң кылып, барымтага киши берүү сыяктуу салттардын жоюлушуна жетишкен. 1870-жылы Мекеге барып, ажы болуп кайткан. Жанкороз сексен жаш курагында Беш-Таш өрөөнүнүн оозундагы Бүлкүлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан.