ЖАННА Д'АРК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖА́ННА Д'АРК</b> (6. 1. 1412, Лотарингия, Домре­ми | <b type='title'>ЖА́ННА Д'АРК</b> (6. 1. 1412, Лотарингия, Домре­ми кыштагы – 30. 5. 1431, Руан) – Франциянын улуттук баатыры. | ||
[[File:ЖАННА Д'АРК61.png | thumb | none]] | [[File:ЖАННА Д'АРК61.png | thumb | none]] | ||
<i>Жүз жылдык согуш (1337– 1453)</i> мезгилинде англистерге каршы француз элинин боштон­дук күрөшүн баш­карган. Англис­тер басып алган Орлеан | <i>Жүз жылдык согуш (1337– 1453)</i> мезгилинде англистерге каршы француз элинин боштон­дук күрөшүн баш­карган. Англис­тер басып алган Орлеан шаарын 1429-ж. 8-майда бошоткон (О р л е а н к ы з ы деген ат ушундан калган). Бир ка­тар аймакты ээле­ген соң, ал аскерлерди Реймсти көздөй баштап, 1429-жылы 17-июлда мураскер Карлды (Карл VII) такка отургузат. Элдик согуштун күчөшү м-н Жанна д'Арктын кеңири белгилүү боло башташынан чочулаган король ж-а ак сөөктөр аны согушка башчылык кылуудан четтетишет. 1430-жылы 23- майда Компьен шаарынын жанындагы салгылаш­та англистерге танапташ – бургундуктар туткунга түшүрүп, англистерге сатып жиберген. Руанда чиркөө соту Жанна д'Аркты «кудай безер», «көз боёмочу» деп айыптап, өрттөп өлтүрткөн. 1456-жылы Францияда болгон жаңы cот Жанна д'Аркты актаган. 1920-жылы католик чиркөөсү аны эң ка­дырлуу ыйыктардын катарына кошкон. | ||
1429- | |||
чочулаган король ж-а ак сөөктөр аны согушка башчылык кылуудан четтетишет. 1430- | |||
12 сап: | 8 сап: | ||
Ад.: <i>Левандовский А. П.</i> Жанна д'Арк. 2-е изд. | Ад.: <i>Левандовский А. П.</i> Жанна д'Арк. 2-е изд. | ||
М., 1982. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | М., 1982. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
07:43, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку нускасы
ЖА́ННА Д'АРК (6. 1. 1412, Лотарингия, Домреми кыштагы – 30. 5. 1431, Руан) – Франциянын улуттук баатыры.

Жүз жылдык согуш (1337– 1453) мезгилинде англистерге каршы француз элинин боштондук күрөшүн башкарган. Англистер басып алган Орлеан шаарын 1429-ж. 8-майда бошоткон (О р л е а н к ы з ы деген ат ушундан калган). Бир катар аймакты ээлеген соң, ал аскерлерди Реймсти көздөй баштап, 1429-жылы 17-июлда мураскер Карлды (Карл VII) такка отургузат. Элдик согуштун күчөшү м-н Жанна д'Арктын кеңири белгилүү боло башташынан чочулаган король ж-а ак сөөктөр аны согушка башчылык кылуудан четтетишет. 1430-жылы 23- майда Компьен шаарынын жанындагы салгылашта англистерге танапташ – бургундуктар туткунга түшүрүп, англистерге сатып жиберген. Руанда чиркөө соту Жанна д'Аркты «кудай безер», «көз боёмочу» деп айыптап, өрттөп өлтүрткөн. 1456-жылы Францияда болгон жаңы cот Жанна д'Аркты актаган. 1920-жылы католик чиркөөсү аны эң кадырлуу ыйыктардын катарына кошкон.
Ад.: Левандовский А. П. Жанна д'Арк. 2-е изд.
М., 1982.