ЖАНР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНР</b> (фр. genre – тек, түр, уруу) – адабий өсүш­түн тарыхый узак жолунда жаралган ар кыл | <b type='title'>ЖАНР</b> (фр. genre – тек, түр, уруу) – адабий өсүш­түн тарыхый узак жолунда жаралган ар кыл | ||
чыгармалардын окшош белгилеринин негизин­де обочолонгон атайын топтору, типтери. | чыгармалардын окшош белгилеринин негизин­де обочолонгон атайын топтору, типтери. «Жанр» термин катары көп убактан бери (16-кылымдан) кол­донулганына карабастан, алигиче так илимий анык­тама ала элек. Айрым ад-абиятчылар жанр деп адабияттын тектерин (лирика, эпос, драма) көрсөтүшсө, кээ бири жанрды адабий тектерге эмес, алардын ар биринин жеке-жеке түрлөрүнө (элегия, поэма, аңгеме, роман, комедия ж. б.) колдонууну ыла­йык табышат. Кийинкиси көбүрөөк колдоого алынууда. Демек жанр – адабий тектердин ички тармактарынын, түрлөрүнүн жалпы аты. Ада­бий тектер тигил же бул ички айкын бөлүктөргө ажыроочу жанрдык формалар аркылуу ишке ашат. жанр бул жагынан адабий тектерди жик­төөнүн башкы бирдиги катары кызмат аткарат. жанр көркөм чыгармалардын композициялык-сю­жеттик түзүлүшү, образ жасоо ыктары, тил курулушу, ыргак-кырааттын уюшулушу өңдүү мазмун м-н форманын көп сандаган элементте­ринде туруктуу кезигип ж-а кайталанып туруу­чу белгилердин бирдигин туюндурат. Адабиятта ли­рикалык тектин жанрдык формалары: <i>арноо, коштошуу, кордоо</i> ырлары, <i>элегия, эпитафия, сонет;</i> эпикалык тектик – <i>миф, жомок, аңгеме, повесть, роман;</i> драмалык тектик – <i>интерме­дия, водевиль, комедия, трагедия</i> ж. б. Көлөмү ж-а курулушу жагынан лирикалык жанр (чакан), эпикалык жанр (кеңири) деп бөлүнөт. Көпчүлүк жанрлар ич ара төмөнкүдөй майда түрлөргө жик­телет: лирикалык ырлар композициялык ти­бине карай – <i>сонет, казал, бейт, рубайи,</i> ал эми тематикалык багытына карай саясий, граждандык, сырдаштык, философиялык, пейзаждык ж. б., романдар тематикасына карай тарыхый, тур­муштук, окуялуу, илимий-фантастикалык, образда­рынын мүнөзүнө карай сатиралык, аллегория­лык, публицистикалык ж. б-га ажырап кетет. Адабий про­цессте жанр тынымсыз өсүп-өнүгүп турат. Ар бир тарыхый доор жанрдык формалардын салттуу бел­гилерин сактоо м-н алардын ички турпатына, табиятына мүнөздүү өзгөчөлүк кийирет. Бир жагынан бул ар бир адабияттын улуттук бөтөнчө­лүгүнө негизделсе, экинчи жагынан жазуучунун коомдук позициясына, адабий процесстеги ой­ногон ролуна байланыштуу болот. К ө р к ө м с ү р ө т – белгилүү бир теманын айланасында көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк. Көркөм сүрөт өнөрүн жанрларга бөлүү анын тур­муш чындыгын терең үйрөнүүсүнө шарт түзгөн ж-а чагылдыруу каражаттарын иштеп чыгып өнүктүргөн. жанр сүрөттүн предметин (портрет, на­тюрморт, пейзаж, тарыхый же согуш темасы), кээде сүрөттүн мүнөзүн (карикатура, шарж) ча­гылдырат. М у з ы к а д а – аткаруу ыкмасына жараша (вокалдык-жеке, ансамблдик, хордук; вокалдык-аспаптык, аспаптык-жеке, оркестр­лик), турмуш-тиричилик жанр (марш, бий, бешик ыры ж. б.), мазмуну боюнча (лирикалык, эпика­лык ж-а драмалык), аткаруу орду ж-а шарты боюнча (театрдык, концерттик, камералык, кино­музыка ж. б.) бөлүнөт. Т е а т р д а негизинен драматургия жанры – трагедия, драма, комедия; өз кезегинде алар водевиль, комедия-памфлет, лирикалык комедия ж. б. бөлүнөт. Балетте эпикалык, лирикалык, балет-поэма, балет-ро­ман, балет-жомок ж. б. жанрлар бар. 20-кылымдан жанрда өз ара аракеттенүү ж-а түрүн өзгөртүү про­цесси ыкчам жүрүүдө. | ||
өнүктүргөн. | |||
өз кезегинде алар водевиль, комедия-памфлет, | |||
лирикалык комедия ж. б | |||
Ад.: <i>Щепилов Л.</i> Введение в литературоведение. М., 1968. <i>Поспелов Г. Н</i>. Проблемы исторического развития литературы. М., 1972; <i>Фрейденберг О. М.</i> Поэтика сюжета и жанра. М., 1997; <i>Назайкинский Е. В.</i> Стиль и жанр в музыке. М., 2003. | |||
<i>А. Садыков.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
<i>А. Садыков.</i> [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
03:22, 1 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНР (фр. genre – тек, түр, уруу) – адабий өсүштүн тарыхый узак жолунда жаралган ар кыл чыгармалардын окшош белгилеринин негизинде обочолонгон атайын топтору, типтери. «Жанр» термин катары көп убактан бери (16-кылымдан) колдонулганына карабастан, алигиче так илимий аныктама ала элек. Айрым ад-абиятчылар жанр деп адабияттын тектерин (лирика, эпос, драма) көрсөтүшсө, кээ бири жанрды адабий тектерге эмес, алардын ар биринин жеке-жеке түрлөрүнө (элегия, поэма, аңгеме, роман, комедия ж. б.) колдонууну ылайык табышат. Кийинкиси көбүрөөк колдоого алынууда. Демек жанр – адабий тектердин ички тармактарынын, түрлөрүнүн жалпы аты. Адабий тектер тигил же бул ички айкын бөлүктөргө ажыроочу жанрдык формалар аркылуу ишке ашат. жанр бул жагынан адабий тектерди жиктөөнүн башкы бирдиги катары кызмат аткарат. жанр көркөм чыгармалардын композициялык-сюжеттик түзүлүшү, образ жасоо ыктары, тил курулушу, ыргак-кырааттын уюшулушу өңдүү мазмун м-н форманын көп сандаган элементтеринде туруктуу кезигип ж-а кайталанып туруучу белгилердин бирдигин туюндурат. Адабиятта лирикалык тектин жанрдык формалары: арноо, коштошуу, кордоо ырлары, элегия, эпитафия, сонет; эпикалык тектик – миф, жомок, аңгеме, повесть, роман; драмалык тектик – интермедия, водевиль, комедия, трагедия ж. б. Көлөмү ж-а курулушу жагынан лирикалык жанр (чакан), эпикалык жанр (кеңири) деп бөлүнөт. Көпчүлүк жанрлар ич ара төмөнкүдөй майда түрлөргө жиктелет: лирикалык ырлар композициялык тибине карай – сонет, казал, бейт, рубайи, ал эми тематикалык багытына карай саясий, граждандык, сырдаштык, философиялык, пейзаждык ж. б., романдар тематикасына карай тарыхый, турмуштук, окуялуу, илимий-фантастикалык, образдарынын мүнөзүнө карай сатиралык, аллегориялык, публицистикалык ж. б-га ажырап кетет. Адабий процессте жанр тынымсыз өсүп-өнүгүп турат. Ар бир тарыхый доор жанрдык формалардын салттуу белгилерин сактоо м-н алардын ички турпатына, табиятына мүнөздүү өзгөчөлүк кийирет. Бир жагынан бул ар бир адабияттын улуттук бөтөнчөлүгүнө негизделсе, экинчи жагынан жазуучунун коомдук позициясына, адабий процесстеги ойногон ролуна байланыштуу болот. К ө р к ө м с ү р ө т – белгилүү бир теманын айланасында көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк. Көркөм сүрөт өнөрүн жанрларга бөлүү анын турмуш чындыгын терең үйрөнүүсүнө шарт түзгөн ж-а чагылдыруу каражаттарын иштеп чыгып өнүктүргөн. жанр сүрөттүн предметин (портрет, натюрморт, пейзаж, тарыхый же согуш темасы), кээде сүрөттүн мүнөзүн (карикатура, шарж) чагылдырат. М у з ы к а д а – аткаруу ыкмасына жараша (вокалдык-жеке, ансамблдик, хордук; вокалдык-аспаптык, аспаптык-жеке, оркестрлик), турмуш-тиричилик жанр (марш, бий, бешик ыры ж. б.), мазмуну боюнча (лирикалык, эпикалык ж-а драмалык), аткаруу орду ж-а шарты боюнча (театрдык, концерттик, камералык, киномузыка ж. б.) бөлүнөт. Т е а т р д а негизинен драматургия жанры – трагедия, драма, комедия; өз кезегинде алар водевиль, комедия-памфлет, лирикалык комедия ж. б. бөлүнөт. Балетте эпикалык, лирикалык, балет-поэма, балет-роман, балет-жомок ж. б. жанрлар бар. 20-кылымдан жанрда өз ара аракеттенүү ж-а түрүн өзгөртүү процесси ыкчам жүрүүдө.
Ад.: Щепилов Л. Введение в литературоведение. М., 1968. Поспелов Г. Н. Проблемы исторического развития литературы. М., 1972; Фрейденберг О. М. Поэтика сюжета и жанра. М., 1997; Назайкинский Е. В. Стиль и жанр в музыке. М., 2003.
А. Садыков.