ЖАНТАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНТАЙ</b> Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бей­шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыба­гыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыр­гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин­чиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башы­нан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы <i>Атаке баатыр</i> өз уба­гында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын баш­карган. Андан кийин бийлик анын уулу Таш­танбекке өтүп, ал өлгөн соң | <b type='title'>ЖАНТАЙ</b> '''Карабек уулу''' (1794, Чүй өрөөнү, Бей­шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыба­гыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыр­гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин­чиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башы­нан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы <i>Атаке баатыр</i> өз уба­гында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын баш­карган. Андан кийин бийлик анын уулу Таш­танбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842– 55-жылдарда түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлеке­тин түзүүдөгү <i>Ормон</i> хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясаты­на аралашкан. 1846–47-жылдарда <i>Кенесары</i> Касым уулу­нун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуу­луна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылда­ры адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Би­рок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сар­багыш чабышынан кийин алардан алыстай баш­таган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментов­ский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-жылы октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы <i>Маланын</i> аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жантай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды же­ңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктар­дан биротоло кол үзгөн. 1862-жылы <i>Байтик</i> Ка­най уулунун чакыруусу м-н келишкен орус ас­кери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-жылы Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул ата­лыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жа­гына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун ма­наптары <i>Төрөгелди</i> баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу макса­тында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургу­зулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары <i>Шабдан</i> ж-а Манапбай­лар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда ту­рушат. | ||
өтүү саясатын уулдары <i>Шабдан</i> ж-а Манапбай­лар улантышкан. | |||
Чүй | |||
<i>Р. Жолдошов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
03:34, 1 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНТАЙ Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бейшеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыбагыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыргыз коомчулугуна белгилүү болушуна, биринчиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башынан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз убагында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын башкарган. Андан кийин бийлик анын уулу Таштанбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842– 55-жылдарда түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясатына аралашкан. 1846–47-жылдарда Кенесары Касым уулунун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуулуна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылдары адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Бирок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сарбагыш чабышынан кийин алардан алыстай баштаган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментовский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-жылы октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы Маланын аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жантай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды жеңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктардан биротоло кол үзгөн. 1862-жылы Байтик Канай уулунун чакыруусу м-н келишкен орус аскери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-жылы Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул аталыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жагына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун манаптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу максатында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургузулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан ж-а Манапбайлар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда турушат.
Р. Жолдошов.