ЖАНТАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАНТАЙ</b> Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бей&shy;шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыба&shy;гыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыр&shy;гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин&shy;чиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башы&shy;нан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы <i>Атаке баатыр</i> өз уба&shy;гында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын баш&shy;карган. Андан кийин бийлик анын уулу Таш&shy;танбекке өтүп, ал өлгөн соң Ж-га тийген. 1842– 55-ж. түн. кыргыздардын өз алдынча мамлеке&shy;тин түзүүдөгү <i>Ормон</i> хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясаты&shy;на аралашкан. 1846–47-ж. <i>Кенесары</i> Касым уулу&shy;нун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуу&shy;луна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылда&shy;ры адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түн. кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Би&shy;рок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сар&shy;багыш чабышынан кийин алардан алыстай баш&shy;таган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментов&shy;ский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-ж. октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы <i>Маланын</i> аскерин колдогон түн. кыргыз манаптарынын ичинде Ж. да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды же&shy;ңиши Ж-га катуу таасир берип, кокондуктар&shy;дан биротоло кол үзгөн. 1862-ж. <i>Байтик</i> Ка&shy;най уулунун чакыруусу м-н келишкен орус ас&shy;кери Пишпек чебин алганда, Ж. өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-ж. Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул ата&shy;лыктын атынан түн. кыргыз манаптарын өз жа&shy;гына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун ма&shy;наптары <i>Төрөгелди</i> баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу макса&shy;тында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургу&shy;зулган. Анын орус империясынын карамагына
<b type='title'>ЖАНТАЙ</b> '''Карабек уулу''' (1794, Чүй өрөөнү, Бей&shy;шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыба&shy;гыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыр&shy;гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин&shy;чиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башы&shy;нан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы <i>Атаке баатыр</i> өз уба&shy;гында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын баш&shy;карган. Андан кийин бийлик анын уулу Таш&shy;танбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842– 55-жылдарда түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлеке&shy;тин түзүүдөгү <i>Ормон</i> хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясаты&shy;на аралашкан. 1846–47-жылдарда <i>Кенесары</i> Касым уулу&shy;нун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуу&shy;луна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылда&shy;ры адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Би&shy;рок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сар&shy;багыш чабышынан кийин алардан алыстай баш&shy;таган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментов&shy;ский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-жылы октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы <i>Маланын</i> аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жантай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды же&shy;ңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктар&shy;дан биротоло кол үзгөн. 1862-жылы <i>Байтик</i> Ка&shy;най уулунун чакыруусу м-н келишкен орус ас&shy;кери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-жылы Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул ата&shy;лыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жа&shy;гына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун ма&shy;наптары <i>Төрөгелди</i> баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу макса&shy;тында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургу&shy;зулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары <i>Шабдан</i> ж-а Манапбай&shy;лар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда ту&shy;рушат.  
өтүү саясатын уулдары <i>Шабдан</i> ж-а Манапбай&shy;лар улантышкан. Ж. алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин,
Чүй р-ндорунда, азыраагы Ысык-Көл р-нунда ту&shy;рушат. <i>Р. Жолдошов.</i> [[Категория:3-том, 215-326 бб]]


<i>Р. Жолдошов.</i>
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

03:34, 1 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖАНТАЙ Карабек уулу (1794, Чүй өрөөнү, Бей­шеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыба­гыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыр­гыз коомчулугуна белгилүү болушуна, бирин­чиден, акылы м-н жөндөмү, экинчиден башы­нан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз уба­гында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын баш­карган. Андан кийин бийлик анын уулу Таш­танбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842– 55-жылдарда түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлеке­тин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясаты­на аралашкан. 1846–47-жылдарда Кенесары Касым уулу­нун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуу­луна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылда­ры адегенде Ормон хан м-н бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүргүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Би­рок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сар­багыш чабышынан кийин алардан алыстай баш­таган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментов­ский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-жылы октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы Маланын аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жантай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды же­ңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктар­дан биротоло кол үзгөн. 1862-жылы Байтик Ка­най уулунун чакыруусу м-н келишкен орус ас­кери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары м-н Токмок чебин басып алган. 1864-жылы Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул ата­лыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жа­гына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун ма­наптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар м-н орус букаралыгын кабыл алуу макса­тында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургу­зулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан ж-а Манапбай­лар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда ту­рушат.

Р. Жолдошов.