ЖАПАЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАПАЙ</b> Көкташ уулу (болжолу 1870-жыл­дар – 1918) – сарбагыш уруусунун белгилүү ма­наптарынын бири. Үмөтаалы Ормон уулунун не­береси. | <b type='title'>ЖАПАЙ</b> '''Көкташ уулу''' (болжолу 1870-жыл­дар – 1918) – сарбагыш уруусунун белгилүү ма­наптарынын бири. Үмөтаалы Ормон уулунун не­береси. Кыргызстан Россия империясынын карама­гына киргенден кийин Кочкор өрөөнүндөгү Нияз­бек, Борукчу, Семиз-Бел, Жоон-Арык болуштук­тарындагы эл бийлеген төбөлдөр анын тааси­ринде болгон. 1916-жылдагы улуттук-боштон­дук көтөрүлүшүндө орус баскынчыларына кар­шы күрөшкө активдүү катышып, аны уюшту­руучулардын башында турган. Көтөрүлүш баш­талганда, бул өрөөндүн батышындагы черикчи тукуму <i>Канат</i> Ыбыке уулун «хан» көтөрүш­көндө, чыгыш жагы Жапай Көкташ уулунун демил­геси м-н <i>Тезекбай</i> Түлкү уулун «хан» шайла­шат. Көтөрүлүшчүлөрдүн бул тобу өрөөндүн бор­бору – Столыпино кыштагын талкалап, андагы орус келгиндерин сүрүп чыгышкан. Жазалоочу аскер тобунун келиши м-н Жапай Көкташ уулу өз эли м-н Кытайга качып барып, 1918-жылы кайра кел­ген. Бул учурда падышалык бийлик кулатыл­ганына карабай, көтөрүлүштү уюштуруучулар­дын бири катары күнөөлөнүп, Токмок шаарына жакын Шор-Төбө деген жерде атылган. | ||
<i>Р. Жолдошов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
05:52, 1 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАПАЙ Көкташ уулу (болжолу 1870-жылдар – 1918) – сарбагыш уруусунун белгилүү манаптарынын бири. Үмөтаалы Ормон уулунун небереси. Кыргызстан Россия империясынын карамагына киргенден кийин Кочкор өрөөнүндөгү Ниязбек, Борукчу, Семиз-Бел, Жоон-Арык болуштуктарындагы эл бийлеген төбөлдөр анын таасиринде болгон. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө орус баскынчыларына каршы күрөшкө активдүү катышып, аны уюштуруучулардын башында турган. Көтөрүлүш башталганда, бул өрөөндүн батышындагы черикчи тукуму Канат Ыбыке уулун «хан» көтөрүшкөндө, чыгыш жагы Жапай Көкташ уулунун демилгеси м-н Тезекбай Түлкү уулун «хан» шайлашат. Көтөрүлүшчүлөрдүн бул тобу өрөөндүн борбору – Столыпино кыштагын талкалап, андагы орус келгиндерин сүрүп чыгышкан. Жазалоочу аскер тобунун келиши м-н Жапай Көкташ уулу өз эли м-н Кытайга качып барып, 1918-жылы кайра келген. Бул учурда падышалык бийлик кулатылганына карабай, көтөрүлүштү уюштуруучулардын бири катары күнөөлөнүп, Токмок шаарына жакын Шор-Төбө деген жерде атылган.
Р. Жолдошов.