ЖАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАР</b> – бир жагын суу жеп кеткен же урап кал­ган бийик тик жер; кемер, суунун кемерленген бийик жээги; тоонун бир жагы урап калган бети. Көл, деңиз жээктеринде да пайда болот. | <b type='title'>ЖАР</b> – бир жагын суу жеп кеткен же урап кал­ган бийик тик жер; кемер, суунун кемерленген бийик жээги; тоонун бир жагы урап калган бети. Көл, деңиз жээктеринде да пайда болот. Жарлар­дын пайда болушуна тоо боорунда ж-а тама­нында пайда болгон төмөндөөлөр, чуңкурайт­кан издер, бороздойлор, аңдар кеңейип, бири­-бирине кошулушу негиз болот. Көбүнчө агын суу, көл шарпылдагы, жаан-чачын суусу чопо, | ||
5 сап: | 5 сап: | ||
[[File:ЖАР98.png | thumb | Кыргызстандагы жарлардын бири.]] | [[File:ЖАР98.png | thumb | Кыргызстандагы жарлардын бири.]] | ||
сары топурак, кум ж. б. борпоң тектерден тү­зүлгөн жерлерди жемирип кетишинен пайда болот. | сары топурак, кум ж. б. борпоң тектерден тү­зүлгөн жерлерди жемирип кетишинен пайда болот. Жардын узундугу жүздөгөн <i>м</i>ден бир нече <i>км</i>ге, туурасы бир нече <i>м</i>ден ондогон <i>м</i>ге, ал эми тереңдиги ондогон <i>м</i>ге чейин жетет. Эгерде жар пайда болуу токтосо, ал жерде чөп м-н ба­далдар өсүп, жар «балкага» же кокту-колотко айланат. Жар пайда болуу процесси айыл чарбага ор­чундуу зыян келтирет. Аны токтотуу иш-чара­лары эрозияга каршы агротехникалык ж. б. ыкмалар­ды колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жарлар КМШнын европалык бөлүгүндө, Кытайдын лёсстуу аймактарында, АКШда ж. б. жерлерде кеңири таралган. Кыргызстанда ага байланыштуу Жар-Башы, Айгыр-Жар, Жар-Таш, Кызыл-Жар ж. б. топонимдер бар. | ||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
09:22, 1 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАР – бир жагын суу жеп кеткен же урап калган бийик тик жер; кемер, суунун кемерленген бийик жээги; тоонун бир жагы урап калган бети. Көл, деңиз жээктеринде да пайда болот. Жарлардын пайда болушуна тоо боорунда ж-а таманында пайда болгон төмөндөөлөр, чуңкурайткан издер, бороздойлор, аңдар кеңейип, бири-бирине кошулушу негиз болот. Көбүнчө агын суу, көл шарпылдагы, жаан-чачын суусу чопо,

сары топурак, кум ж. б. борпоң тектерден түзүлгөн жерлерди жемирип кетишинен пайда болот. Жардын узундугу жүздөгөн мден бир нече кмге, туурасы бир нече мден ондогон мге, ал эми тереңдиги ондогон мге чейин жетет. Эгерде жар пайда болуу токтосо, ал жерде чөп м-н бадалдар өсүп, жар «балкага» же кокту-колотко айланат. Жар пайда болуу процесси айыл чарбага орчундуу зыян келтирет. Аны токтотуу иш-чаралары эрозияга каршы агротехникалык ж. б. ыкмаларды колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жарлар КМШнын европалык бөлүгүндө, Кытайдын лёсстуу аймактарында, АКШда ж. б. жерлерде кеңири таралган. Кыргызстанда ага байланыштуу Жар-Башы, Айгыр-Жар, Жар-Таш, Кызыл-Жар ж. б. топонимдер бар.