ЖАРКЫНАЙЫМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРКЫНАЙЫМ , </b>Х а к и м а й ы м, М а л и­к а а й ы м ( | <b type='title'>ЖАРКЫНАЙЫМ , </b>Х а к и м а й ы м, М а л и­ к а а й ы м (туулган жылы белгисиз – 1868, Кокон) – <i>Шералы хандын</i> аялы, <i>Кудаяр хан</i> Сарымсак, Султан­мураттын энеси; 19-кылымдын орто ченинде жашап өткөн, кыргыз элинен чыккан белгилүү аялдар­дын бири. Кыргыздардын сол канатына кирген <i>саруунун</i> баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы. Оозеки маалыматтар боюнча Жаркынайым азыркы На­манган облусунун Үйчү районуна караштуу Аксыкент деген жерде туулган. Энеси Акбала өнөрлүү бо­луп, темир комузда ойногон. Атасы Токтоназар өлгөндөн кийин Жаркынайымдын агасы Кедейбай датка анын урук-туугандарын азыркы Аксы районунда­гы Кара-Суунун жээгиндеги Топ-Жаңгак айы­лына көчүрүп келген. Жаркынайым өзүнүн акылдуулугу м-н Шералы ж-а Кудаяр хандардын доорунда Кокон ордосунун эң таасирлүү адамдарынын би­рине айланган. Жаркынайымдын коомдук, саясий мамлекеттик ж. б. иштерге кийлигишүүсү Шералынын Ко­конго хан болушунан башталат (1842) ж-а көп мамлекеттик иштер анын катышуусу м-н ишке аш­кан. Мисалы, Касым миң башыны өлүм жазасы­нан бошотууга салым кошуп, <i>Мусулманкулдун</i> дарга асылышын колдогон. Кыргыз төбөлдө­рүнүн ордодогу бийликке аралашып, бийлик үчүн болгон күрөштө, отурукташкан калк м-н көчмөн элдин ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө чоң роль ойногон. Ордодо тынымсыз жүрүп турган саясий оюндар акыры <i>Нүзүптүн</i> түбүнө жете­рин билип, андан айрылса, бийликтен да ай­рыларын күйөөсү Шералыга бир нече жолу эс­керткен. Уулу Кудаяр хан да Жаркынайымдын акылынан чыкпаган. Жаркынайым ордодогу хан сарайдын короосун­да кышы-жайы кыргыздын боз үйүн тиктирип, өмүрү өткөнчө ошондо жашаган. Жаркынайым өлгөндө Кудаяр хан үч күн бою тынбай ыйлап, сөөгүн көтөрүшүп барып, өз колу м-н көмгөнү тары­хый булактарда айтылат. | ||
өткөн, кыргыз элинен чыккан белгилүү аялдар­дын бири. Кыргыздардын сол канатына кирген <i>саруунун</i> баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы. Оозеки маалыматтар | |||
өлгөндөн кийин | |||
чыкпаган. | |||
өмүрү өткөнчө ошондо жашаган. | |||
Ад.: <i>Зиявуддин Максым (Магзуми).</i> Фергана хан­дарынын тарыхы. Б., 2007; <i>Наливкин В. П.</i> Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Алым­бектин санжырасы. Б., 2007. | |||
<i>Ж. Алымбаев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
05:28, 2 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРКЫНАЙЫМ , Х а к и м а й ы м, М а л и к а а й ы м (туулган жылы белгисиз – 1868, Кокон) – Шералы хандын аялы, Кудаяр хан Сарымсак, Султанмураттын энеси; 19-кылымдын орто ченинде жашап өткөн, кыргыз элинен чыккан белгилүү аялдардын бири. Кыргыздардын сол канатына кирген саруунун баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы. Оозеки маалыматтар боюнча Жаркынайым азыркы Наманган облусунун Үйчү районуна караштуу Аксыкент деген жерде туулган. Энеси Акбала өнөрлүү болуп, темир комузда ойногон. Атасы Токтоназар өлгөндөн кийин Жаркынайымдын агасы Кедейбай датка анын урук-туугандарын азыркы Аксы районундагы Кара-Суунун жээгиндеги Топ-Жаңгак айылына көчүрүп келген. Жаркынайым өзүнүн акылдуулугу м-н Шералы ж-а Кудаяр хандардын доорунда Кокон ордосунун эң таасирлүү адамдарынын бирине айланган. Жаркынайымдын коомдук, саясий мамлекеттик ж. б. иштерге кийлигишүүсү Шералынын Коконго хан болушунан башталат (1842) ж-а көп мамлекеттик иштер анын катышуусу м-н ишке ашкан. Мисалы, Касым миң башыны өлүм жазасынан бошотууга салым кошуп, Мусулманкулдун дарга асылышын колдогон. Кыргыз төбөлдөрүнүн ордодогу бийликке аралашып, бийлик үчүн болгон күрөштө, отурукташкан калк м-н көчмөн элдин ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө чоң роль ойногон. Ордодо тынымсыз жүрүп турган саясий оюндар акыры Нүзүптүн түбүнө жетерин билип, андан айрылса, бийликтен да айрыларын күйөөсү Шералыга бир нече жолу эскерткен. Уулу Кудаяр хан да Жаркынайымдын акылынан чыкпаган. Жаркынайым ордодогу хан сарайдын короосунда кышы-жайы кыргыздын боз үйүн тиктирип, өмүрү өткөнчө ошондо жашаган. Жаркынайым өлгөндө Кудаяр хан үч күн бою тынбай ыйлап, сөөгүн көтөрүшүп барып, өз колу м-н көмгөнү тарыхый булактарда айтылат.
Ад.: Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007; Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
Ж. Алымбаев.