ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ</b> – оптикалык нур­лануунун перпендикуляр тегиздиктеги терме­лүүчү (жарык толкунунун таралуу багыты) жа­рык толкундарынын таралуу касиеттеринин бири. | <b type='title'>ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ</b> – оптикалык нур­лануунун перпендикуляр тегиздиктеги терме­лүүчү (жарык толкунунун таралуу багыты) жа­рык толкундарынын таралуу касиеттеринин бири. Жарык полярлануусу жарык толкунундагы электр (<i>E</i>) ж-а магнит (<i>H</i>) талааларынын мейкиндиктеги багыттарын мүнөздөйт. Жарык толкуну тара­луу багытына (ылдамдыкка) өз ара перпенди­куляр багытта, бирдей фазада ж-а жыштыкта термелүүчү электр (<i>E</i>) ж-а магнит (<i>H</i>) талаала­рынан түзүлгөн туурасынан кеткен толкун. Тол­кундардын бул векторлору белгилүү тегиздикте жатса же белгилүү бир багытты көздөй өзгөрсө, толкундар полярлануучу делет. <i>E</i> вектору жат­кан тегиздик полярлануу тегиздиги деп аталат. Эгерде толкунда <i>E</i> вектору белгилүү бир тегиз­дикте жатса, мындай толкун с ы з ы к т у у полярланууга ээ. Полярланбаган жарык нурла­рынан (Күн, электр лампалары ж. б.) поляри­затордун жардамы м-н керек болгон поляр­ланган жарык нурларын алууга болот. По­лярлагычтын иштөө принциптери ар түрдүү оп­тикалык эффекттерге негизделген (кристалл­дагы нурлардын экиге ажырашы, Брюстер эф­фектиси ж. б.). Азыр жарыктын жаңы булак­тарынан (лазер, мазерлер) ар түрдүү полярлан­ган нурлар алынат. Жарык полярлануусун 1704–06-жылдарда И. Нью­тон киргизген. | ||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
08:37, 3 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫК ПОЛЯРЛАНУУСУ – оптикалык нурлануунун перпендикуляр тегиздиктеги термелүүчү (жарык толкунунун таралуу багыты) жарык толкундарынын таралуу касиеттеринин бири. Жарык полярлануусу жарык толкунундагы электр (E) ж-а магнит (H) талааларынын мейкиндиктеги багыттарын мүнөздөйт. Жарык толкуну таралуу багытына (ылдамдыкка) өз ара перпендикуляр багытта, бирдей фазада ж-а жыштыкта термелүүчү электр (E) ж-а магнит (H) талааларынан түзүлгөн туурасынан кеткен толкун. Толкундардын бул векторлору белгилүү тегиздикте жатса же белгилүү бир багытты көздөй өзгөрсө, толкундар полярлануучу делет. E вектору жаткан тегиздик полярлануу тегиздиги деп аталат. Эгерде толкунда E вектору белгилүү бир тегиздикте жатса, мындай толкун с ы з ы к т у у полярланууга ээ. Полярланбаган жарык нурларынан (Күн, электр лампалары ж. б.) поляризатордун жардамы м-н керек болгон полярланган жарык нурларын алууга болот. Полярлагычтын иштөө принциптери ар түрдүү оптикалык эффекттерге негизделген (кристаллдагы нурлардын экиге ажырашы, Брюстер эффектиси ж. б.). Азыр жарыктын жаңы булактарынан (лазер, мазерлер) ар түрдүү полярланган нурлар алынат. Жарык полярлануусун 1704–06-жылдарда И. Ньютон киргизген.