ИТЕРАЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИТЕРА́ЦИЯ (лат. iteratio – кайталоо) – кандайдыр бир матем. операцияны кайталап колдонуу. Эгерде у = ƒ(х) =ƒ1(х)хтен функция болсо, анда ƒ2(х)= ƒ[ ƒ1(х)], ƒ3(х) = ƒ[ƒ2 (х)]..., ƒn(х) = ƒ[ƒn–1(х)] функциялары f(x) функциясынын тиешелүү түрдө 2-, 3-, ..., n-И-сы деп аталат, мис., f(x) = xa болсо, ƒ(х) =(ха)а=ха2келип чыгат. n индекси И-нын көрсөткүчү, ал эми f(x) функциясынан f2(x), f3(x), ... функцияларына өтүү И-лоо деп аталат. Функциянын кээ бир класстары үчүн каалагандай чыныгы ж-а ал түгүл комплекстик көрсөткүчтүү И-ны аныктоого болот. И. ар түрдүү теңдемелерди ж-а алардын системаларынын жакындаштырылган чыгарылыштарын табууда колдонулат.