ЙЕМЕН ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЙЕ́МЕН ТООЛОРУ , Ж е б е л – Араб ж. а-нын түш.-батышындагы бийик тоо массивдери ж-а платолор. Йемен Респ-нын ж-а Сауд Арабиясы­нын аймагында. Түн.-батыштан түш.-чыгышка карай 500 кмге созулат. Эң бийик жери 3600 м (Эн-Наби-Шаиб чокусу). Кристаллдуу ж-а жа­нартоо тектеринен турган чокулары жалпак бир катар келки тоо массивдери бар. Траптар, өчкөн жанартоолор кездешет. Терең өрөөндөр м-н тил­меленген; Кызыл деңиздин жээгине ж-а Аден булуңуна тик түшүп, түн.-чыгышында Руб-эль- Хали чөлү тарапка барган сайын жапыздайт. Кургак талаа, тоо этектеринде чөл, дарыя өрөөндөрүндө ж-а убактылуу суу аккан нуктар­дын жээктеринде бадал өсүмдүктөрү өсөт.