КАБАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАБАК – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Жети-Өгүз айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүндө, Жети-Өгүз суусунун төмөнкү агымынын чыгыш жээгинде, деңиз деңг. 1655 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 25 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 210 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1129 (2008); негизинен мал м-н алектенип, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры С. Эшенова туулган. Кыштактын аты кыргыздын кабак уруусу м-н байланыштуу.