КАБЕЛДИК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАБЕЛДИК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ – сүрөттүү ж-а үндүү сигналды кабель аркылуу тиешелүү булактардан кабыл алгыч аппаратка чейин жеткирүүчү ж-а керектөөчү спутниктик байланыш системасына кошуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү канал. Коммуналдык антеннанын пайдаланышына жараша кабелдик телекөрсөтүү коллективдик антенналуу телекөрсөтүү деп да аталат. Биринчи жолу АКШнын бир катар шаарларында колдонулган. Азыр К. т. дүйнөнүн бир канча мамлекеттеринде, о. эле Кырг-нда (Ала – ТВ, «Долон ТВ») иштейт. К. т. борб. антенна аркылуу берилген сигналдарды кабыл алып, күчөтүп, коаксиалдык кабель аркылуу үйлөргө бөлүштүрөт. Алгач бул система телекөрсөтүү станциясы жок ж-а сигналдарды начар кабыл алуучу аймактарда колдонулган. Негизинен көп кабаттуу үйлөрдө жалгыз антеннанын жардамы м-н бардык кабыл алгычтарды тейлөөгө болот. Бир кабель 40тан ашык телекөрсөтүү каналдары аркылуу берүүнү камсыз кылат.
Ад.: Косарский Ю. С. Кабельное и спутниковое
телевидение. СПб., 2003.