КАГАЯН-ДЕ-ОРО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАГАЯ́Н-ДЕ-О́РО – Филиппиндеги шаар. Минданао а-нын батышында жайгашкан. Чыгыш Мисамис провинциясынын адм. борбору. Калкы 526,9 миң (2008); чоңдугу б-ча Минданао а-ндагы Даваодон кийинки 2-шаар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Филиппин архипелагындагы башка аралдар м-н паром аркылуу байланышат. Испандар тарабынан 1622-ж. негизделген. Тамак-аш (кофе, кургак сүт, консервацияланган жемиштер, ширелер, суусундуктар, кокос майы чыгарылат, деңиз балырлары иштетилет), жыгаччылык, пластмасса буюмдары ө. ж. ишканалары иштейт. Ыйык Августин кафедралуу собору, менчик ун-ттер, лицей ж. б. бар. Жыл сайын Ыйык Августин фестивалы өткөрүлөт. Туризм өнүккөн.