КАДЫРКУЛОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАДЫРКУЛОВ Ыдырыс [15. 9. 1917, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, Аскалы (азыркы Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо р-ну, Казарман) кыш. – 1984, Казарман кыш.] – Даңк орденинин толук ээси.

1941-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согуш майданында болгон. Днепр, Түш. Буг, Тисса, Дунай, Грон, Морава, Дыйе д-нан биринчилерден болуп өткөн. Түш. Буг д-нан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1944-ж. мартта 3-даражадагы Даңк орденине, 3000 мина коюп, душмандын 2500 минасын зыянсыздандырганы үчүн 1944-ж. сентябрда 2-даражадагы Даңк орденине, Ипель д-нан өтүүдөгү эрдиги үчүн 1945-ж. 28-апрелде 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. 1946–84-ж. Ленин атн. колхоздо колхозчу болуп иштеген. Кызыл Жылдыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Айкели Казарман айылынын «Баатырлар аллеясына» коюлуп, бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.