КАЙНАЗАРОВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

КАЙНАЗАРОВА Зууракан (1902, Сокулук р-ну, Жыламыш кыш. –1982, ошол эле район, Бе­лек кыш.) – а. ч. өндүрүшүнүн новатору; эки жолку Соц. Эмг. Баатыры (1948, 1957).

Эмгек жолун 1929-ж. Сокулук р­нундагы Калинин атн. кол­хоздо баштаган. Көп өтпөй звено башчылыгына көтө­рүлүп, беш жүзчүлөрдүн бүт­күл союздук соц. мелдеши­не катышып, кант кызыл­час ынан жогорку түшүм

жыйнап алууга жетишкен. 1947-ж. 15 га жердеги кы­зылчанын ар гектарынан 971,5 цден түшүм алган. 1949-ж. Калинин атн. колхоздун башкармасы болуп шайланган. Анын жетекчилигинде кол­хоздун экономикасы кыйла чыңдалган. 1952- жылдан Сокулук р-нундагы «Дружба» колхозу­нун звено башчылыгына өткөн. Ал жетектеген звено ар гектарынан эң жогорку түшүм – 1000– 1100 цден кант кызылчасын жыйнап алган. 1937– 54-ж. СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ор­дендери м-н сыйланган. 1958-жылдан ардактуу эс алууга чыккан. К-нын Кыргыз мамл. мемори­ал музейи (1958-ж. уюшулган) бар. 1974-ж. ал­дыңкы кызылчачыларга З. Кайназарова атн. сыйлык белгиленген. Бишкек ш-дагы Эркиндик проспектисинде, Белек айылында, Сокулук р­нун борборунда бюсту орнотулган. Бишкектин бир көчөсүнө аты берилген.


Ад.: Чөкүшев Б. Советтик Кыргызстандын даңктуу адамдары. Ф., 1970; Элдин сыймыктуу кыздары. Ф., 1975.