КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ Талас обл-нун Кара-Буура р-нунда, Арал кыш-нан 4 км түн. тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түш. капталындагы Кичи Кайыңды суусунун ортоңку бөлүгүндө. 1977–78-ж. геол. изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягында жиреп чыккан горнблендит интрузиясы жатат. Интрузия туурасы 300–600 м, уз. 2,5 км аянтты ээлеп, түн.-батышка созулат. Горнблендит кара түстө, түрдүү кристаллдуу роговая обманка минералынан турат. Жаракалуу болгондуктан, 0,3–0,9 м3 блок алууга болот. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жалтырайт. Запасы 15 млн м3. Дубалдарды кооздоп каптоого болот.