КАЙЫРМА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

КАЙЫРМА , с о н о (Anas platyrhynchos) – өрдөктөр тукумундагы куш. Дене уз. 60 см, сал­магы 0,8–1,4 кгга жакын. Жазында К-нын эр­кеги кооз, башы, мойну кочкул жашыл, кана­тында кызгылт-көк сызыгы бар, жайында со­носуна (ургаачысына) окшош. Европа, Азия ж-а Түш. Америкада кеңири таралган. Кышын­да жылуу өлкөлөргө учуп кетет. Суу боюна уя­лайт, соносу 8–14 жумуртка тууп, 26–28 күн басып чыгарат. Жеми – суу өсүмдүгү, уруктар ж-а майда омурткасыздар. К-дан бакма өрдөк келип чыккан. Аңчылык кылынат.