КАКЕЕВ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАКЕЕВ Аскар Чукутаевич (10. 12. 1935-ж. т., Чүй обл., Чүй р-ну, Кегети кыш.) – коомдук ж-а мамл. ишмер, философия илимд. доктору (1991), проф. (1993). КР УИАнын академиги (1993), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1995). КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (2002). 1958-ж. КМУну бүтүргөн. 1963–68-ж. Кыргыз ССР ИАда аспирантура бөлүмүнүн алдындагы Философия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1965–84-ж. КАЧИ-

де кафедра башчысы, 1984– 88-ж. Кырг-н КП БКда илим ж-а окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1989–92-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия ж-а укук таануу ин-тунун директору, 1992–93-ж. КР Президентинин аппаратынын жетекчиси-мамкатчысы, 1993–98-ж. КР Билим берүү, илим ж-а мад-т министри, 1998–2000-ж. КР президентинин кеңешчиси, 2000–05-ж. КУУнун ректору, 2005- жылдан КРСУда профессор, кафедра башчысы. 100дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 4 монография, 5 окуу китеп) автору. «Ардак Белгиси», 3-даражадагы Манас ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Кыргызстандын коомдук ойлоосунун тарыхын
изилдөөнүн жаңы багыттары. Б., 1991; Азыркы Кыргызстан: ачык коомго карай. Дж. Соростун философиясы жөнүндө. Б., 1994; Кыргызстандагы философиялык ойлор. Б., 1995; Ордо оюну – Кыргыз мамлекетинин модели, үлгүсү, тоолор философиясы. Б., 2001.