ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ</b> – кургактыктагы | <b type='title'>ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ</b> – кургактыктагы жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жара­тылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванна­ларынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктер­дин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктө­рүндө кеңири тараган. Ага кургак континент­тик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык өлчөмү 300 <i>мм</i>ден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орточо температурасы 20– 25°С, тропиктерде 30°С), кышы Түндүк жарым шар­дагы мелүүн алкактарда суук (январдын орточо температурасы 0°Сден төмөн, айрым жеринде –20°Сге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (суб­тропиктерде 0–10°С; тропиктерде 12–20°С). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгил­де, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр ж-а бадалдар (башка кон­тиненттерде) басымдуу. Кышында ж-а кургак­чыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат. Мелүүн алкакта жарым чөл зоналары Азияда кеңири тара­ган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытай­га чейин 10 миң <i>км</i>ге созулат. Субтропик алка­гында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго ж-а айрым тоо массивдерине гана мү­нөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Саха­радан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саван­на), ошондой эле Түштүк Америкада ж-а Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери ж-а дарыя өрөөндөрү дый­канчылыкта пайдаланылат. | ||
жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жара­тылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын | |||
чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванна­ларынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктер­дин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктө­рүндө кеңири тараган. Ага кургак континент­тик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык | |||
өлчөмү 300 <i>мм</i>ден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын | |||
Ад.: <i>Федорович Б. Ф.</i> Лик пустыни. М., 1950; <i>Ба­баев А. Г.</i> Пустыня как она есть. М., 1980; <i>Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б</i>. Пустыни. М., 1986; <i>Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.</i> Физи­ческая география материков и океанов. М., 2004. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | Ад.: <i>Федорович Б. Ф.</i> Лик пустыни. М., 1950; <i>Ба­баев А. Г.</i> Пустыня как она есть. М., 1980; <i>Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б</i>. Пустыни. М., 1986; <i>Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.</i> Физи­ческая география материков и океанов. М., 2004. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:47, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ – кургактыктагы жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жаратылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванналарынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктердин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктөрүндө кеңири тараган. Ага кургак континенттик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык өлчөмү 300 ммден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орточо температурасы 20– 25°С, тропиктерде 30°С), кышы Түндүк жарым шардагы мелүүн алкактарда суук (январдын орточо температурасы 0°Сден төмөн, айрым жеринде –20°Сге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (субтропиктерде 0–10°С; тропиктерде 12–20°С). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгилде, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр ж-а бадалдар (башка континенттерде) басымдуу. Кышында ж-а кургакчыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат. Мелүүн алкакта жарым чөл зоналары Азияда кеңири тараган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытайга чейин 10 миң кмге созулат. Субтропик алкагында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго ж-а айрым тоо массивдерине гана мүнөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Сахарадан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саванна), ошондой эле Түштүк Америкада ж-а Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери ж-а дарыя өрөөндөрү дыйканчылыкта пайдаланылат.
Ад.: Федорович Б. Ф. Лик пустыни. М., 1950; Бабаев А. Г. Пустыня как она есть. М., 1980; Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б. Пустыни. М., 1986; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.