ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ</b> – кургактыктагы
<b type='title'>ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ</b> – кургактыктагы жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жара&shy;тылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванна&shy;ларынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктер&shy;дин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктө&shy;рүндө кеңири тараган. Ага кургак континент&shy;тик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык өлчөмү 300 <i>мм</i>ден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орточо температурасы 20– 25°С, тропиктерде 30°С), кышы Түндүк жарым шар&shy;дагы мелүүн алкактарда суук (январдын орточо температурасы 0°Сден төмөн, айрым жеринде –20°Сге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (суб&shy;тропиктерде 0–10°С; тропиктерде 12–20°С). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгил&shy;де, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр ж-а бадалдар (башка кон&shy;тиненттерде) басымдуу. Кышында ж-а кургак&shy;чыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат. Мелүүн алкакта жарым чөл зоналары Азияда кеңири тара&shy;ган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытай&shy;га чейин 10 миң <i>км</i>ге созулат. Субтропик алка&shy;гында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго ж-а айрым тоо массивдерине гана мү&shy;нөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Саха&shy;радан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саван&shy;на), ошондой эле Түштүк Америкада ж-а Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери ж-а дарыя өрөөндөрү дый&shy;канчылыкта пайдаланылат.
жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жара&shy;тылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын
чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванна&shy;ларынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктер&shy;дин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктө&shy;рүндө кеңири тараган. Ага кургак континент&shy;тик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык
өлчөмү 300 <i>мм</i>ден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орт. темп-расы 20– 25°С, тропиктерде 30°С), кышы Түн. жарым шар&shy;дагы мелүүн алкактарда суук (январдын орт. темп-расы 0°Сден төмөн, айрым жеринде –20°Сге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (суб&shy;тропиктерде 0–10°С; тропиктерде 12–20°С). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгил&shy;де, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр ж-а бадалдар (башка кон&shy;тиненттерде) басымдуу. Кышында ж-а кургак&shy;чыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат.
<br>Мелүүн алкакта Ж. ч. з. Азияда кеңири тара&shy;ган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытай&shy;га чейин 10 миң <i>км</i>ге созулат. Субтропик алка&shy;гында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго ж-а айрым тоо массивдерине гана мү&shy;нөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Саха&shy;радан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саван&shy;на), о. эле Түш. Америкада ж-а Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери ж-а дарыя өрөөндөрү дый&shy;канчылыкта пайдаланылат.
 
 


Ад.: <i>Федорович Б. Ф.</i> Лик пустыни. М., 1950; <i>Ба&shy;баев А. Г.</i> Пустыня как она есть. М., 1980; <i>Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б</i>. Пустыни. М., 1986; <i>Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.</i> Физи&shy;ческая география материков и океанов. М., 2004. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]
Ад.: <i>Федорович Б. Ф.</i> Лик пустыни. М., 1950; <i>Ба&shy;баев А. Г.</i> Пустыня как она есть. М., 1980; <i>Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б</i>. Пустыни. М., 1986; <i>Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.</i> Физи&shy;ческая география материков и океанов. М., 2004. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]

05:47, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖАРЫМ ЧӨЛ ЗОНАЛАРЫ – кургактыктагы жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жара­тылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл ж-а талаа зоналарынын, тропик алкактарынын чөлү м-н саванналарынын (чөлдөшкөн саванна­ларынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктер­дин океанга жакын батыш ж-а ички бөлүктө­рүндө кеңири тараган. Ага кургак континент­тик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык өлчөмү 300 ммден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орточо температурасы 20– 25°С, тропиктерде 30°С), кышы Түндүк жарым шар­дагы мелүүн алкактарда суук (январдын орточо температурасы 0°Сден төмөн, айрым жеринде –20°Сге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (суб­тропиктерде 0–10°С; тропиктерде 12–20°С). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгил­де, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр ж-а бадалдар (башка кон­тиненттерде) басымдуу. Кышында ж-а кургак­чыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат. Мелүүн алкакта жарым чөл зоналары Азияда кеңири тара­ган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытай­га чейин 10 миң кмге созулат. Субтропик алка­гында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго ж-а айрым тоо массивдерине гана мү­нөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Саха­радан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саван­на), ошондой эле Түштүк Америкада ж-а Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери ж-а дарыя өрөөндөрү дый­канчылыкта пайдаланылат.

Ад.: Федорович Б. Ф. Лик пустыни. М., 1950; Ба­баев А. Г. Пустыня как она есть. М., 1980; Бабаев А. Г., Дроздов Н. Н., Зонн И. С., ж. б. Пустыни. М., 1986; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физи­ческая география материков и океанов. М., 2004.