ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ</b> – жа­тын моюнчасынын кын бөлүгүн каптаган эпи­телийдин бузулушунан болгон ачык кызыл түстөгү жара. Жыныс органдарынын (жатын моюнчасынын, жатын кошумчаларынын ж. б.) сезгенүүсүнөн да болот. Ал төрөттө, бойдон ал­дырганда жатын моюнчасынын былжыр чели тытылып калганда, | <b type='title'>ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ</b> – жа­тын моюнчасынын кын бөлүгүн каптаган эпи­телийдин бузулушунан болгон ачык кызыл түстөгү жара. Жыныс органдарынын (жатын моюнчасынын, жатын кошумчаларынын ж. б.) сезгенүүсүнөн да болот. Ал төрөттө, бойдон ал­дырганда жатын моюнчасынын былжыр чели тытылып калганда, ошондой эле гормондук бузулууда болушу мүмкүн. Былжыр челдин бузулган жери жатын каналынан чыккан цилиндр сымал эпи­телий м-н капталып, мында эрозия безчелери пайда болот. Эрозия безчелери такай секрет бөлүп турат, ал жаңы пайда болгон эпителий­ди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Ал көпкө (айлап, жылдап) билинбей, аял көпкө дарыланбай жүрө берсе, рак оорусу­на өтүп кетет. Ошондуктан аялдар алдын ала кароодон өтүп, жылына 2 жолу врач-гинекологго көрүнүп турушу зарыл. Жыныс органдарынын сезгенүү ооруларын, төрөттө ж-а бойдон алдыр­ганда болгон жатын моюнчасынын айрыгын өз убагында дарылоонун мааниси чоң. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
08:01, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ – жатын моюнчасынын кын бөлүгүн каптаган эпителийдин бузулушунан болгон ачык кызыл түстөгү жара. Жыныс органдарынын (жатын моюнчасынын, жатын кошумчаларынын ж. б.) сезгенүүсүнөн да болот. Ал төрөттө, бойдон алдырганда жатын моюнчасынын былжыр чели тытылып калганда, ошондой эле гормондук бузулууда болушу мүмкүн. Былжыр челдин бузулган жери жатын каналынан чыккан цилиндр сымал эпителий м-н капталып, мында эрозия безчелери пайда болот. Эрозия безчелери такай секрет бөлүп турат, ал жаңы пайда болгон эпителийди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Ал көпкө (айлап, жылдап) билинбей, аял көпкө дарыланбай жүрө берсе, рак оорусуна өтүп кетет. Ошондуктан аялдар алдын ала кароодон өтүп, жылына 2 жолу врач-гинекологго көрүнүп турушу зарыл. Жыныс органдарынын сезгенүү ооруларын, төрөттө ж-а бойдон алдырганда болгон жатын моюнчасынын айрыгын өз убагында дарылоонун мааниси чоң.