ДАЛЬВЕРЗИН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАЛЬВЕРЗИ́Н''' тарыхый археологиялык эстелиги – Фер­гана өрөөнүндө отурукташып, дыйканчылык | '''ДАЛЬВЕРЗИ́Н''' тарыхый археологиялык эстелиги – Фер­гана өрөөнүндө отурукташып, дыйканчылык менен кесиптенген элдердин маданий ири борбору. Кара-Дарыя суусунун сол жээгиндеги Дальвер­зин кыштагына жакын жерде жайгашкан. 1952-жылы археолог Ю.А.''Заднепровский'' ачып, 1956–1960-жылдарда казган. Жалпы аянты 25 ''га''. Аны курча­ган чептин дубалынын калыӊдыгы 4–6 ''м'', би­йиктиги 2,5 ''м''. Борбордук бөлүгүндөгү археологиялык маданий катмардын калыӊдыгы 2,4–3 ''м''. Кыштан курул­ган үйлөрдүн, очоктордун орду жана чарбалык маа­нидеги ороолор кездешет. Дальвер­зинден карапа идиш­тер, металл иштетүүчү устакана, металл кал­дыктары, курал жасоочу 8 калып, найзанын уӊгусу, шибеге, ийне, асем буюмдар жана башкалар табыл­ган. Көбү – жаргылчак. Дальвер­зин деги колодон, жезден жасалган буюмдардын молдугуна караганда, бул жерде металл өндүрүү жогорку деӊгээлде өнүк­көн. Археологиялык эстеликтин жогорку, ортоӊку жана төмөнкү катмарларынан адамдын сөөктөрү көп кездешкен. Көмүлгөн 50 адамдын баш сөөгү изилденип, алардын 32синин антропологиялык түзүлүшү европеоид расасына таандык экендиги аныктал­ган. Көмүлгөн адамдар байыркы салт боюнча бү­рүшкөн абалда бир капталына же чалкасынан жаткырылып коюлган. Дальвер­зин тарыхый археологиялык эс­телиги – биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыкка таандык ма­даният. | ||
''К. Табалдиев.'' | ''К. Табалдиев.'' | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
09:02, 7 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДАЛЬВЕРЗИ́Н тарыхый археологиялык эстелиги – Фергана өрөөнүндө отурукташып, дыйканчылык менен кесиптенген элдердин маданий ири борбору. Кара-Дарыя суусунун сол жээгиндеги Дальверзин кыштагына жакын жерде жайгашкан. 1952-жылы археолог Ю.А.Заднепровский ачып, 1956–1960-жылдарда казган. Жалпы аянты 25 га. Аны курчаган чептин дубалынын калыӊдыгы 4–6 м, бийиктиги 2,5 м. Борбордук бөлүгүндөгү археологиялык маданий катмардын калыӊдыгы 2,4–3 м. Кыштан курулган үйлөрдүн, очоктордун орду жана чарбалык маанидеги ороолор кездешет. Дальверзинден карапа идиштер, металл иштетүүчү устакана, металл калдыктары, курал жасоочу 8 калып, найзанын уӊгусу, шибеге, ийне, асем буюмдар жана башкалар табылган. Көбү – жаргылчак. Дальверзин деги колодон, жезден жасалган буюмдардын молдугуна караганда, бул жерде металл өндүрүү жогорку деӊгээлде өнүккөн. Археологиялык эстеликтин жогорку, ортоӊку жана төмөнкү катмарларынан адамдын сөөктөрү көп кездешкен. Көмүлгөн 50 адамдын баш сөөгү изилденип, алардын 32синин антропологиялык түзүлүшү европеоид расасына таандык экендиги аныкталган. Көмүлгөн адамдар байыркы салт боюнча бүрүшкөн абалда бир капталына же чалкасынан жаткырылып коюлган. Дальверзин тарыхый археологиялык эстелиги – биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыкка таандык маданият.
К. Табалдиев.