ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
ЖАҢЫ ЗЕЛА́НДИЯ – Тынч океандын | ЖАҢЫ ЗЕЛА́НДИЯ – Тынч океандын түштүк-батышындагы мамлекет. Кук кысыгы аркылуу бөлүнгөн Түндүк (аянты 114,7 миң км2) ж-а Түштүк (150,6 миң км2) аралдарын, ошондой эле жамаатташ (Стьюарт, Сиэрс, Грейт-Барриер ж. б.) ж-а обо- | ||
[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ78.png | thumb | none]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ78.png | thumb | none]] | ||
[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ79.png | thumb | none]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ79.png | thumb | none]] | ||
чо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмп­белл ж. б.) аралдарды ээлейт. | чо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмп­белл ж. б.) аралдарды ээлейт. Жаңы Зеландияга Тынч океан­дын борбордук бөлүгүндөгү Токелау, Кук, Ниуэ аралдары да кирет. Шериктештикте. Жалпы аянты 270,5 миң км2. Калкы 5,2 млн. (2023). Борбору – Веллинг­тон. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары. Расмий тили англис тили. Административдик-аймактык жактан 16 районго бөлүнөт. | ||
'''(Таблица кетет)'''
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004)

Жаңы Зеландия – БУУнун (1945), Бүткүл дүйнөлүк банк­тын, ЭВФтин, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, АНЗЮСтун (1951–86), СЕАТОнун (1954), АНЗЮКтун (1971) ж. б. уюмдардын мүчөсү. | |||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Жаңы Зеландия – Шериктеш­тикке кирген конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британия королу дайындаган генерал-губернатор. Мыйзам чыгаруучу жогор­ку органы – бир палаталуу парламент (өкүлдөр палатасы). Өкүлдөр палатасы 120 депутаттан ту­рат, анын 62си шайлоо округдарынан, 51и пар­тиялык тизме м-н, 7 депутат маорилерден шай­ланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр баш­карган өкмөт жүргүзөт. Өкмөттү парламентте көп орун алган партиянын лидери түзөт. | |||
бөлүгүнөн | Негизги саясий партиялары: Лейбористтик партия, 1916-жылы негизделип, социалдык реформа багытында иш жүргүзөт. 1999-жылдан бийлик­те. Улуттук партия 1936-жылы негизделип, ири иш­керлерге ж-а фермерлерге таянат. Жаңы Зелан­дия партиясы 1993-жылы уюшулган. Маорилердин мүдөөсүн колдогон «Мана Мотухаке о Аотеа­роа»(«Биздин мурас») саясий кыймылы 1974-жылы түзүлгөн. | ||
'''Табияты.''' Жаңы Зелан­диянын аймагынын 3/4 бөлүгүнөн | |||
[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ80.png | thumb | Окленд – порт шаар.]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ80.png | thumb | Окленд – порт шаар.]] | ||
ашыгыраагын тоолор ж-а дөбө-дөңсөөлөр ээлейт. Эң ири ж-а бийик тоо системасы Түштүк | ашыгыраагын тоолор ж-а дөбө-дөңсөөлөр ээлейт. Эң ири ж-а бийик тоо системасы Түштүк аралында­гы Түштүк Альп тоосу (бийиктиги 3664 м, Кук чоку­су). Тоонун кыр бөлүгү кар, мөңгүлүү (жалпы аянты 1000 км2). Түндүк аралында тоолор азыраак, борбордук бөлүгүнөн Жанартоо платосу орун алган, анда жер титирөө тез-тез болуп турат, аракет­теги жанартоолор, гейзерлер, ысык минералдуу булактар бар. Климаты Түндүк аралында ж-а Түштүк аралынын түндүк бөлүгүндө субтропиктик, деңиздик, калган аймактарында – мелүүн. Айлык орточо температурасы 5–12°Сден 14–19°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында – 2000–5000 мм. Дарыялары сууга мол, гидроэнергияга бай. Жанартоолор­дон пайда болгон көлдөр көп. Тоо токой (23%), бадал ж-а шалбаа ландшафты басымдуу. Өсүм­дүктөр түрүнүн 3/4 ү эндемиктер. Өлкөдөгү көптө­гөн улуттук парктарда ж-а коруктарда флора м-н фаунанын жоголуп бараткан түрлөрү кор- | ||
гоого алынган. Жаңы Зеландиянын эмблемасы катары ка­натсыз киви алынган. Гейзерлер ж-а ысык бу­лактар чыккан Вака-Реваревага көптөгөн ту­ристтер келет. | |||
'''Калкынын''' негизин жаңы зеландиялыктар же англиялык-жаңы зеландиялыктар (78%тейи) ж-а мао­рилер (15%) түзөт, ошондой эле англистер, шотландык­тар, голланддар жашайт. Мамлекеттик тили – англис тили. Көбү христиан динин тутат. Элинин 72%тейи Түндүк аралында, 28%тейи Түштүк аралында жа­шайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 12 киши. Шаар | |||
[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ81.png | thumb | Түндүк аралындагы ысык булактар чыккан жер.]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ81.png | thumb | Түндүк аралындагы ысык булактар чыккан жер.]] | ||
калкы 83%. Ири шаарлары: Веллингтон (калкы 344 миң), Окленд (960 миң), Крайстчерч (345 миң), | калкы 83%. Ири шаарлары: Веллингтон (калкы 344 миң), Окленд (960 миң), Крайстчерч (345 миң), Гамильтон (160 миң), Данидин (120 миң). | ||
Гамильтон (160 миң), Данидин (120 миң). | |||
'''Тарыхы.''' Жаңы Зелан­дияга 10–14-кылымдарда Полинезиядан келген маорилер отурукташкан. 1642-жылы Жаңы Зелан­дияга европалыктардан алгачкы жолу голланд де­ңиз саякатчысы А. Тасман барган. 1769-жылы аны англиялык саякатчы – Ж. Кук изилдеген. 1839-жылы британиялыктар отурукташа баштаган. 1840-жылы Жаңы Зелан­дия Улуу Британиянын колониясы деп жа­рыяланган. 1843-жылы англиялык колониячыларга кар­шы маорилердин куралдуу күрөшү башталып, ал 1872-жылы гана басылган. 1907-жылы Жаңы Зелан­дия доми­нион статусуна ээ болуп, 1931-жылы сырткы ж-а ички иштерин өзү чечүүгө укук алган. 1945- жылдан БУУнун мүчөсү. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин Улуу Британия м-н саясий бай­ланышы начарлап, АКШ м-н саясий ж-а ас­кердик ынтымагы күчөгөн. АКШ тарапта Ко­рея согушуна (1950–53), Вьетнам согушуна (1965–70) катышкан. Жаңы Зелан­дия өкмөтү Тынч океан­дын түштүк бөлүгүн ядросуз зонага айландыруу ке­лишимин (Раротонг келишимин) түзүүдө демил­гечилердин бири болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо, глобалдык ж-а региондук тынчтыкты ж-а ко­опсуздукту чыңдоо, ядролук куралды таратпоо ж-а аларды сыноого каршы маселелер боюнча ту­руктуу көз карашта. | |||

'''Экономикасы.''' Жаңы Зелан­дия – айыл чарбасы жогорку деңгээл­де өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДП 97 млрд | |||
[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ82.png | thumb | none]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ82.png | thumb | none]] | ||
АКШ долларын түзөт; андагы тейлөө чөйрөсүнүн | АКШ долларын түзөт; андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65%, өнөр жайыныкы 25,8%, айыл чарбаныкы 8,6%. Калктын 10%ке жакыны а. чарбасында, 25% өнөр жайында, 65% тейлөө чөйрөсүндө иштейт (2004). Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш, жы­гач, целлюлоза-кагаз, машина куруу, химия, тек­стиль. Тез темп м-н өнүгүп жаткан балык өнөр жайынын продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. 1994-жылы 32,4 млрд кВт·с электр энергиясы өн­дүрүлгөн. Табигый газ, таш көмүр, титан-магне­титтүү кум, алтын, күмүш ж. б. казылып алынат.
Айыл чарбасынын негизин жа­йытта асыралчу эт-жүн ба­гытындагы уй ж-а кой чар­балары түзөт. Алдыңкы технология м-н жабдылган айыл чарба сектору негизинен экспортко багытталган. Жаңы Зелан­дия – эт-сүт азыктарын (сүт продукциясынын дүй­нөлүк рыногунун 25%ин көзөмөлдөйт), жүн (Ав­стралиядан кийинки 2- орунда), кой этин экспорт­тоочу дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. 48,8 млн кой, 9,3 млн уй асыралат. Жыл сайын 1 млн тдан ашык эт, 200 миң тдан ашык жүн өндүрүлгөн. Негизинен тоют өсүмдүк­төрү, буудай, арпа, сулу өс­түрүлөт. Токой чарбалары бар; жыгач даярдалат.
Жаңы Зелан­дия сырткы сооданын өлчөмүн киши башына бө­лүштүргөндө дүйнөдө ал­дыңкы орундардын бирин ээлейт; экспорттон түшкөн киреше ИДПнин 30%ке жа­кынын түзөт.
Автомобиль жолунун узундугу 91,9 миң км, темир жолу­нуку 3,9 миң км. Башкы порттору: Веллингтон, Ок­ленд, Литтелтон.
Экспортунун структура­сында эт-сүт продукция­лары, жүн, мөмө-жемиш, балык, жыгач басымдуу­лук кылат. Сырттан өнөр жай товарларын – машина, жабдуу, транспорт кара­жаттарын сатып алат. Бу­лар жалпы импорттун 40%ин түзөт. Сырьё, нефть­химия продукцияларын да сатып алат.
Негизги соода шериктеш- | ||
үлүшү 65%, | |||

өлкө. 48,8 млн кой, 9,3 млн | |||
уй асыралат. Жыл сайын 1 млн тдан ашык эт, 200 миң тдан ашык жүн өндүрүлгөн. Негизинен тоют өсүмдүк­төрү, буудай, арпа, сулу өс­түрүлөт. Токой чарбалары бар; жыгач даярдалат. | |||

өлчөмүн киши башына бө­лүштүргөндө дүйнөдө ал­дыңкы орундардын бирин ээлейт; экспорттон түшкөн киреше ИДПнин 30%ке жа­кынын түзөт. | |||

Автомобиль жолунун | |||

Экспортунун структура­сында эт-сүт продукция­лары, жүн, мөмө-жемиш, балык, жыгач басымдуу­лук кылат. Сырттан | |||

Негизги соода шериктеш- | |||
[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ83.png | thumb | Жаңы Зеландия акчасы.]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ83.png | thumb | Жаңы Зеландия акчасы.]] | ||
53 сап: | 39 сап: | ||
[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ85.png | thumb | Кой жайыты.]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ85.png | thumb | Кой жайыты.]] | ||
тери: Австралия, Япония, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия, Корей | тери: Австралия, Япония, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия, Корей Республикасы, АСЕАН өлкө­лөрү. | ||
'''Маданияты.''' Жаңы Зелан­дияда 6–15 жаштагы балдар акысыз, милдеттүү түрдө окуйт. Андан ары алар мамлекеттик ж-а жеке менчик колледждерден акы төлөп окуп бүтүп, университеттерге тапшырууга укук алат. Өлкөдө 7 университет бар, алар Веллингтон, Ок­ленд, Гамильтон, Палмерстон-Норт, Крайстчерч, Данидин шаарларында. Өлкөдө 5 борбордук ж-а 23 элеттик, 100гө жакын аз нускалуу гезит, 600дөн ашуун ар түрдүү журнал, ошондой эле мезгилдүү ж-а атайын басылмалар чыгат. Күн сайын чыгуучу гезит­тери: «Доминион пост» (80 миң нуска), «Нью Зиленд геральд» (240 миң), «Отаго дейли таймс» | |||

[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ86.png | thumb | Англикан собору.]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ86.png | thumb | Англикан собору.]] | ||
(50 миң), «Пресс» (100 миң). | (50 миң), «Пресс» (100 миң). Мамлекетке 2 жалпы улуттук радиопрограмма, ошондой эле 30дан ашык коммерциялык радиостанция таандык. Жеке менчик сектордо 40тан ашык коммерциялык ра­диостанция иштейт. Телеберүү 3 программа (2 жалпы улуттук, бир жеке менчик) ж-а 3 спут­никтик телеберүү каналы б-ча жүргүзүлөт.
Адабияты 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып анг­лис тилинде өнүккөн. Маори элинин фолькло­ру сакталган. Турак жайларды, чакан курулуш­тарды, үй-тиричиликке колдонулган буюмдар­ды түрлөнтө оймо-чиймелер м-н кооздоо – мао­ри маданиятынын мүнөздүү белгиси. 19-кылымдын 2-жа­рымынан бери үстөмдүк кылган неоклассизм м-н неоготика духундагы үйлөр азыркы имарат­тар м-н алмашылган. Жаңы Зелан­диянын жергиликтүү эли – мао­рилердин музыкалык өнөрү байыркы убакта эле пайда болгон. Профессиялык музыкасы 19-кылымда Евро­па музыка маданияттынын таасиринде калыптанып, | ||

[[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ87.png | thumb | none]] | [[File:ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ87.png | thumb | none]] | ||
69 сап: | 53 сап: | ||
өнүккөн. Профессиялык театры 20- | |||
өнүккөн. Профессиялык театры 20-кылымда пайда болгон. 20-кылымдын 30-жылдарында ар түрдүү коомдордун, университеттер м-н мектептердин алдын­да ышкыбоздордун драма ж-а опера труппала­ры түзүлгөн. 1898-жылы алгачкы даректүү фильм тартылган. 1912-жылы Веллингтондо мамлекеттик алгач­кы киностудия негизделген. Оклендде сүрөт га­лереясы (транспорт ж-а техника музейлери м-н), Парнелла атыр гүлдүү паркы, Веллингтон­до улуттук искусство галереясы, Улуттук музей (эт­нографиялык жана табигый тарыхы жаатындагы экс- | |||
понаттардын коллекциялары м-н кошо) ж. б. ажайып жайлары бар. | понаттардын коллекциялары м-н кошо) ж. б. ажайып жайлары бар. | ||
Ад.: Андреева В. М. Новая Зеландия. Экономико­географическая характеристика. М., 1963; Страны мира. Справочник. М., 2005. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | Ад.: Андреева В. М. Новая Зеландия. Экономико­географическая характеристика. М., 1963; Страны мира. Справочник. М., 2005. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:57, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ ЗЕЛА́НДИЯ – Тынч океандын түштүк-батышындагы мамлекет. Кук кысыгы аркылуу бөлүнгөн Түндүк (аянты 114,7 миң км2) ж-а Түштүк (150,6 миң км2) аралдарын, ошондой эле жамаатташ (Стьюарт, Сиэрс, Грейт-Барриер ж. б.) ж-а обо-

чо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмпбелл ж. б.) аралдарды ээлейт. Жаңы Зеландияга Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү Токелау, Кук, Ниуэ аралдары да кирет. Шериктештикте. Жалпы аянты 270,5 миң км2. Калкы 5,2 млн. (2023). Борбору – Веллингтон. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары. Расмий тили англис тили. Административдик-аймактык жактан 16 районго бөлүнөт.
(Таблица кетет)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004)Жаңы Зеландия – БУУнун (1945), Бүткүл дүйнөлүк банктын, ЭВФтин, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, АНЗЮСтун (1951–86), СЕАТОнун (1954), АНЗЮКтун (1971) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Жаңы Зеландия – Шериктештикке кирген конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британия королу дайындаган генерал-губернатор. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу парламент (өкүлдөр палатасы). Өкүлдөр палатасы 120 депутаттан турат, анын 62си шайлоо округдарынан, 51и партиялык тизме м-н, 7 депутат маорилерден шайланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр башкарган өкмөт жүргүзөт. Өкмөттү парламентте көп орун алган партиянын лидери түзөт.
Негизги саясий партиялары: Лейбористтик партия, 1916-жылы негизделип, социалдык реформа багытында иш жүргүзөт. 1999-жылдан бийликте. Улуттук партия 1936-жылы негизделип, ири ишкерлерге ж-а фермерлерге таянат. Жаңы Зеландия партиясы 1993-жылы уюшулган. Маорилердин мүдөөсүн колдогон «Мана Мотухаке о Аотеароа»(«Биздин мурас») саясий кыймылы 1974-жылы түзүлгөн.
Табияты. Жаңы Зеландиянын аймагынын 3/4 бөлүгүнөн

ашыгыраагын тоолор ж-а дөбө-дөңсөөлөр ээлейт. Эң ири ж-а бийик тоо системасы Түштүк аралындагы Түштүк Альп тоосу (бийиктиги 3664 м, Кук чокусу). Тоонун кыр бөлүгү кар, мөңгүлүү (жалпы аянты 1000 км2). Түндүк аралында тоолор азыраак, борбордук бөлүгүнөн Жанартоо платосу орун алган, анда жер титирөө тез-тез болуп турат, аракеттеги жанартоолор, гейзерлер, ысык минералдуу булактар бар. Климаты Түндүк аралында ж-а Түштүк аралынын түндүк бөлүгүндө субтропиктик, деңиздик, калган аймактарында – мелүүн. Айлык орточо температурасы 5–12°Сден 14–19°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында – 2000–5000 мм. Дарыялары сууга мол, гидроэнергияга бай. Жанартоолордон пайда болгон көлдөр көп. Тоо токой (23%), бадал ж-а шалбаа ландшафты басымдуу. Өсүмдүктөр түрүнүн 3/4 ү эндемиктер. Өлкөдөгү көптөгөн улуттук парктарда ж-а коруктарда флора м-н фаунанын жоголуп бараткан түрлөрү кор-
гоого алынган. Жаңы Зеландиянын эмблемасы катары канатсыз киви алынган. Гейзерлер ж-а ысык булактар чыккан Вака-Реваревага көптөгөн туристтер келет.
Калкынын негизин жаңы зеландиялыктар же англиялык-жаңы зеландиялыктар (78%тейи) ж-а маорилер (15%) түзөт, ошондой эле англистер, шотландыктар, голланддар жашайт. Мамлекеттик тили – англис тили. Көбү христиан динин тутат. Элинин 72%тейи Түндүк аралында, 28%тейи Түштүк аралында жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 12 киши. Шаар

калкы 83%. Ири шаарлары: Веллингтон (калкы 344 миң), Окленд (960 миң), Крайстчерч (345 миң), Гамильтон (160 миң), Данидин (120 миң).
Тарыхы. Жаңы Зеландияга 10–14-кылымдарда Полинезиядан келген маорилер отурукташкан. 1642-жылы Жаңы Зеландияга европалыктардан алгачкы жолу голланд деңиз саякатчысы А. Тасман барган. 1769-жылы аны англиялык саякатчы – Ж. Кук изилдеген. 1839-жылы британиялыктар отурукташа баштаган. 1840-жылы Жаңы Зеландия Улуу Британиянын колониясы деп жарыяланган. 1843-жылы англиялык колониячыларга каршы маорилердин куралдуу күрөшү башталып, ал 1872-жылы гана басылган. 1907-жылы Жаңы Зеландия доминион статусуна ээ болуп, 1931-жылы сырткы ж-а ички иштерин өзү чечүүгө укук алган. 1945- жылдан БУУнун мүчөсү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Улуу Британия м-н саясий байланышы начарлап, АКШ м-н саясий ж-а аскердик ынтымагы күчөгөн. АКШ тарапта Корея согушуна (1950–53), Вьетнам согушуна (1965–70) катышкан. Жаңы Зеландия өкмөтү Тынч океандын түштүк бөлүгүн ядросуз зонага айландыруу келишимин (Раротонг келишимин) түзүүдө демилгечилердин бири болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо, глобалдык ж-а региондук тынчтыкты ж-а коопсуздукту чыңдоо, ядролук куралды таратпоо ж-а аларды сыноого каршы маселелер боюнча туруктуу көз карашта.
Экономикасы. Жаңы Зеландия – айыл чарбасы жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДП 97 млрд

АКШ долларын түзөт; андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65%, өнөр жайыныкы 25,8%, айыл чарбаныкы 8,6%. Калктын 10%ке жакыны а. чарбасында, 25% өнөр жайында, 65% тейлөө чөйрөсүндө иштейт (2004). Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш, жыгач, целлюлоза-кагаз, машина куруу, химия, текстиль. Тез темп м-н өнүгүп жаткан балык өнөр жайынын продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. 1994-жылы 32,4 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Табигый газ, таш көмүр, титан-магнетиттүү кум, алтын, күмүш ж. б. казылып алынат.
Айыл чарбасынын негизин жайытта асыралчу эт-жүн багытындагы уй ж-а кой чарбалары түзөт. Алдыңкы технология м-н жабдылган айыл чарба сектору негизинен экспортко багытталган. Жаңы Зеландия – эт-сүт азыктарын (сүт продукциясынын дүйнөлүк рыногунун 25%ин көзөмөлдөйт), жүн (Австралиядан кийинки 2- орунда), кой этин экспорттоочу дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. 48,8 млн кой, 9,3 млн уй асыралат. Жыл сайын 1 млн тдан ашык эт, 200 миң тдан ашык жүн өндүрүлгөн. Негизинен тоют өсүмдүктөрү, буудай, арпа, сулу өстүрүлөт. Токой чарбалары бар; жыгач даярдалат.
Жаңы Зеландия сырткы сооданын өлчөмүн киши башына бөлүштүргөндө дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; экспорттон түшкөн киреше ИДПнин 30%ке жакынын түзөт.
Автомобиль жолунун узундугу 91,9 миң км, темир жолунуку 3,9 миң км. Башкы порттору: Веллингтон, Окленд, Литтелтон.
Экспортунун структурасында эт-сүт продукциялары, жүн, мөмө-жемиш, балык, жыгач басымдуулук кылат. Сырттан өнөр жай товарларын – машина, жабдуу, транспорт каражаттарын сатып алат. Булар жалпы импорттун 40%ин түзөт. Сырьё, нефтьхимия продукцияларын да сатып алат.
Негизги соода шериктеш-

тери: Австралия, Япония, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия, Корей Республикасы, АСЕАН өлкөлөрү.
Маданияты. Жаңы Зеландияда 6–15 жаштагы балдар акысыз, милдеттүү түрдө окуйт. Андан ары алар мамлекеттик ж-а жеке менчик колледждерден акы төлөп окуп бүтүп, университеттерге тапшырууга укук алат. Өлкөдө 7 университет бар, алар Веллингтон, Окленд, Гамильтон, Палмерстон-Норт, Крайстчерч, Данидин шаарларында. Өлкөдө 5 борбордук ж-а 23 элеттик, 100гө жакын аз нускалуу гезит, 600дөн ашуун ар түрдүү журнал, ошондой эле мезгилдүү ж-а атайын басылмалар чыгат. Күн сайын чыгуучу гезиттери: «Доминион пост» (80 миң нуска), «Нью Зиленд геральд» (240 миң), «Отаго дейли таймс»

(50 миң), «Пресс» (100 миң). Мамлекетке 2 жалпы улуттук радиопрограмма, ошондой эле 30дан ашык коммерциялык радиостанция таандык. Жеке менчик сектордо 40тан ашык коммерциялык радиостанция иштейт. Телеберүү 3 программа (2 жалпы улуттук, бир жеке менчик) ж-а 3 спутниктик телеберүү каналы б-ча жүргүзүлөт.
Адабияты 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып англис тилинде өнүккөн. Маори элинин фольклору сакталган. Турак жайларды, чакан курулуштарды, үй-тиричиликке колдонулган буюмдарды түрлөнтө оймо-чиймелер м-н кооздоо – маори маданиятынын мүнөздүү белгиси. 19-кылымдын 2-жарымынан бери үстөмдүк кылган неоклассизм м-н неоготика духундагы үйлөр азыркы имараттар м-н алмашылган. Жаңы Зеландиянын жергиликтүү эли – маорилердин музыкалык өнөрү байыркы убакта эле пайда болгон. Профессиялык музыкасы 19-кылымда Европа музыка маданияттынын таасиринде калыптанып,

Жергиликтүү маорилер.

Жергиликтүү маорилер.
өнүккөн. Профессиялык театры 20-кылымда пайда болгон. 20-кылымдын 30-жылдарында ар түрдүү коомдордун, университеттер м-н мектептердин алдында ышкыбоздордун драма ж-а опера труппалары түзүлгөн. 1898-жылы алгачкы даректүү фильм тартылган. 1912-жылы Веллингтондо мамлекеттик алгачкы киностудия негизделген. Оклендде сүрөт галереясы (транспорт ж-а техника музейлери м-н), Парнелла атыр гүлдүү паркы, Веллингтондо улуттук искусство галереясы, Улуттук музей (этнографиялык жана табигый тарыхы жаатындагы экс-
понаттардын коллекциялары м-н кошо) ж. б. ажайып жайлары бар.
Ад.: Андреева В. М. Новая Зеландия. Экономикогеографическая характеристика. М., 1963; Страны мира. Справочник. М., 2005.