ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ</b> – | <b type='title'>ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ</b> – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Ба­тыш ж-а Чыгыш Жаңы-Арттын башы мөңгүлөрү). Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында, Ак-Шыйрак суусу­нун алабында жайгашкан. Б а т ы ш мөңгүсүнүн узундугу 9,5 <i>км</i>, аянты 10,9 <i>км</i><sup>2</sup>. Мөңгүнүн башы де­ңиз деңгээлинен 5335 <i>м</i>, этеги 3530 <i>м</i> бийикте. Эски морена мөңгүнүн азыркы этегинен 1,6 <i>км</i>ге ылдый жатат. Этегинде тоо тектердин сынык­тары үйүлгөн. Мында мөңгүнүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяк­тайт. Морена м-н мөңгүнүн ортосу аркылуу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жы­раңдуу нук жатат. Оң жактагы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-жылдарда мөңгү 400 <i>м</i>ге тартылган. Чыгыш тарабында, мурда анын бир тармагы болгон Ч ы г ы ш мөңгүсү жатат. Узундугу 8,2 <i>км</i>, аянты 10,9 <i>км</i><sup>2</sup>. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4940 <i>м</i>, этеги 3630 <i>м</i> бийикте жатат. Ал негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 <i>м</i> бийикте жатат). Калыңдыгы этегинде 70 <i>м</i>. Капталдарда­гы мореналардын калыңдыгы 30–40 <i>м</i>ге жетет. 1943–62-жылдарда 190 <i>м</i> тартылган. Мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар Жаңы-Артка оң жактан куят. | ||
Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Ба­тыш ж-а Чыгыш | |||
Ч ы г ы ш мөңгүсү жатат. | |||
чыккан суулар Жаңы-Артка оң жактан куят. | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
09:45, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ-АРТТЫН БАШЫ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш Жаңы-Арттын башы мөңгүлөрү). Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында, Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан. Б а т ы ш мөңгүсүнүн узундугу 9,5 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5335 м, этеги 3530 м бийикте. Эски морена мөңгүнүн азыркы этегинен 1,6 кмге ылдый жатат. Этегинде тоо тектердин сыныктары үйүлгөн. Мында мөңгүнүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяктайт. Морена м-н мөңгүнүн ортосу аркылуу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жыраңдуу нук жатат. Оң жактагы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-жылдарда мөңгү 400 мге тартылган. Чыгыш тарабында, мурда анын бир тармагы болгон Ч ы г ы ш мөңгүсү жатат. Узундугу 8,2 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4940 м, этеги 3630 м бийикте жатат. Ал негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 м бийикте жатат). Калыңдыгы этегинде 70 м. Капталдардагы мореналардын калыңдыгы 30–40 мге жетет. 1943–62-жылдарда 190 м тартылган. Мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар Жаңы-Артка оң жактан куят.