ЖАҢЫ-АРЫК (Жумгал районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖАҢЫ-АРЫК 2 to ЖАҢЫ-АРЫК (Жумгал районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
10:05, 8 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ-АРЫК – Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2150 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 135 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 1186 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.