ЖАҢЫ-БАЗАР (Чаткал районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖАҢЫ-БАЗАР 1 to ЖАҢЫ-БАЗАР (Чаткал районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
03:43, 9 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ-БАЗАР – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-жылга чейин райондун борбору. Чаткал суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 362 км. Калкы 2688 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы м-н), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал коругунун администрациясы да ушул кыштакта жайгашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү сакталган.