ЖАҢЫ-ЖОЛ (Токтогул районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:36, 9 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖАҢЫ-ЖОЛ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 940 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 3 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекети­нен 186 км. Калкы 2818 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, бала­бакча, ФАП, клуб, китепкана бар.