ЖЕДИГЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕДИГЕР</b> – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында | <b type='title'>ЖЕДИГЕР</b> – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында жедигер <i>Тагай бийдин</i> Кой­лон деген баласынан тарап, 17-кылымдын жазмасы «<i>Мажму ат-таварихте</i>» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Жедигердин этногенези жөнүндө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, башкача айтканда кыргыз тарыхчы­сы А. Мокеевдин эмгектеринде жедигер уруусунун түпкү теги орто кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Оку­муштуунун пикиринде этнонимдердин окшош­туктарынан (жедигер = йадгар) сырткары эл­дик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк орто кылымда «гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маа­нисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Жедигер уруусунун байыркы уруу­лардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Суу­ну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Ки­йинки учурларда жедигер уруусунун ички курамы­нын аталыштары унутула баштап, ар кайсы ай­мактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондук­тан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Жедигер уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, то­кобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Кор­гон, Сузак райондорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй облустарынын айыл-кыштактарында жашашат. Кант районуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган. | ||
«<i>Мажму ат-таварихте</i>» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. | |||
«гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маа­нисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. | |||
<i>Р. Жолдошов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
03:35, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕДИГЕР – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында жедигер Тагай бийдин Койлон деген баласынан тарап, 17-кылымдын жазмасы «Мажму ат-таварихте» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Жедигердин этногенези жөнүндө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, башкача айтканда кыргыз тарыхчысы А. Мокеевдин эмгектеринде жедигер уруусунун түпкү теги орто кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Окумуштуунун пикиринде этнонимдердин окшоштуктарынан (жедигер = йадгар) сырткары элдик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк орто кылымда «гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маанисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Жедигер уруусунун байыркы уруулардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Сууну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Кийинки учурларда жедигер уруусунун ички курамынын аталыштары унутула баштап, ар кайсы аймактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондуктан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Жедигер уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, токобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй облустарынын айыл-кыштактарында жашашат. Кант районуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган.
Р. Жолдошов.