ЗЕРГЕРЧИЛИК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕРГЕРЧИЛИК</b> – асыл металлдардан көркөм, кооз буюм жасоо өнөрү. Ал байыркы заманда темир устачылыктан өз алдынча бөлүнүп чык­кан. | <b type='title'>ЗЕРГЕРЧИЛИК</b> – асыл металлдардан көркөм, кооз буюм жасоо өнөрү. Ал байыркы заманда темир устачылыктан өз алдынча бөлүнүп чык­кан. Археологиялык казуулардан табылган асыл буюм­дар Байыркы Египет, мурдагы СССР, Саян-Ал­тай, Борбордук Азия, анын ичинен Кыргызстан аймакта­рында зергерчиликтин байыркы заманда эле пайда бо­луп, жогорку деңгээлде өнүккөнүн далилдейт. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында кыргыздын белгилүү зергерлери өз өнөрүн негизги чарба (көчмөн жана жарым көчмөн турмушта өнүккөн мал чарбачылыгы) менен айкалыштырган. Алар зергерчиликте жашытуу, темир бетине күмүш жалатуу (шөкөттөө), атайын калыптын жардамы менен штамптоо, көркөмдөп көзөө же кесүү, буюмдун | ||
четин көркөмдөп кыркуу, сыялоо, карартуу, та­руулатуу (сиркелетүү), | |||
[[File:ЗЕРГЕРЧИЛИК24.png | thumb | Өнөр таануучу А. Акматалиев (оңдо), зергерчи А. Бе­кешовдун жасаган ат жабдыктары менен таанышууда.]] | [[File:ЗЕРГЕРЧИЛИК24.png | thumb | Өнөр таануучу А. Акматалиев (оңдо), зергерчи А. Бе­кешовдун жасаган ат жабдыктары менен таанышууда.]] | ||
эшилген күмүш зымдар менен шөкөттөө, түстүү асыл металлдарды эритип куюу, тогуз төбөлөө (баалуу асыл таштарды, бермет-шуруларды экинчи заттын оюгуна, бе­тине чөгөрүү), чапкылоо, көркөм куюу, тордоо, эмалдоо ыкмаларын көбүрөөк колдонушкан. Алтын-күмүштүн буусуна кармоо, оюп-чиймелөө жана башка жолдору кенен тараган. Асыл буюмдар­дын бетине мүйүз, карга тырмак, кыял, бычак учу, бармак боочу жана башка оюмдар түшүрүлгөн. Кыз-келиндердин желбирөөч, сөйкө желбирөөч, сөйкө, билерик, төөнөгүч, бой тумар жана башка кооз­дук буюмдарын күмүш жана жезден чоюп, эшип, өрүп, бурап жасалган ичке зымдар менен көркөм­дөшкөн. Зергерчилик. буюмдары сыйлык, тартуу катары байгеге берилген. Адигине уулу Мамбет, Ай­тымбет уста, Алдаярбек уулу Айсыракун, Исраил уулу Сыдык, Өмүр уулу Мамбетаалы жана башка ушул сыяктуу колунан көөрү төгүлгөн чебер зергер­лердин жасаган буюмдары өтө баалуулугу жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланган. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн «Кыял» бирикмесинде жа­ралган зер асем буюмдар Москва, Санкт-Петер­бург, Абакан, Красноярск, Кызыл, Минусинск, Тоолуу-Алтай шаарынын тарых музейлеринде сак­талууда, ошондой эле чет мамлекеттерге экспорттолуп, кыргыз элинин зергерчилик өнөрүн дүйнөгө таанытууда. | |||
өрүп, бурап жасалган ичке зымдар | |||
12 сап: | 9 сап: | ||
Кыргыздын уз-усталары. Антология. Б., 1997. | Кыргыздын уз-усталары. Антология. Б., 1997. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:17, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЗЕРГЕРЧИЛИК – асыл металлдардан көркөм, кооз буюм жасоо өнөрү. Ал байыркы заманда темир устачылыктан өз алдынча бөлүнүп чыккан. Археологиялык казуулардан табылган асыл буюмдар Байыркы Египет, мурдагы СССР, Саян-Алтай, Борбордук Азия, анын ичинен Кыргызстан аймактарында зергерчиликтин байыркы заманда эле пайда болуп, жогорку деңгээлде өнүккөнүн далилдейт. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында кыргыздын белгилүү зергерлери өз өнөрүн негизги чарба (көчмөн жана жарым көчмөн турмушта өнүккөн мал чарбачылыгы) менен айкалыштырган. Алар зергерчиликте жашытуу, темир бетине күмүш жалатуу (шөкөттөө), атайын калыптын жардамы менен штамптоо, көркөмдөп көзөө же кесүү, буюмдун четин көркөмдөп кыркуу, сыялоо, карартуу, таруулатуу (сиркелетүү),

эшилген күмүш зымдар менен шөкөттөө, түстүү асыл металлдарды эритип куюу, тогуз төбөлөө (баалуу асыл таштарды, бермет-шуруларды экинчи заттын оюгуна, бетине чөгөрүү), чапкылоо, көркөм куюу, тордоо, эмалдоо ыкмаларын көбүрөөк колдонушкан. Алтын-күмүштүн буусуна кармоо, оюп-чиймелөө жана башка жолдору кенен тараган. Асыл буюмдардын бетине мүйүз, карга тырмак, кыял, бычак учу, бармак боочу жана башка оюмдар түшүрүлгөн. Кыз-келиндердин желбирөөч, сөйкө желбирөөч, сөйкө, билерик, төөнөгүч, бой тумар жана башка кооздук буюмдарын күмүш жана жезден чоюп, эшип, өрүп, бурап жасалган ичке зымдар менен көркөмдөшкөн. Зергерчилик. буюмдары сыйлык, тартуу катары байгеге берилген. Адигине уулу Мамбет, Айтымбет уста, Алдаярбек уулу Айсыракун, Исраил уулу Сыдык, Өмүр уулу Мамбетаалы жана башка ушул сыяктуу колунан көөрү төгүлгөн чебер зергерлердин жасаган буюмдары өтө баалуулугу жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланган. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн «Кыял» бирикмесинде жаралган зер асем буюмдар Москва, Санкт-Петербург, Абакан, Красноярск, Кызыл, Минусинск, Тоолуу-Алтай шаарынын тарых музейлеринде сакталууда, ошондой эле чет мамлекеттерге экспорттолуп, кыргыз элинин зергерчилик өнөрүн дүйнөгө таанытууда.
Ад.: Кыргыздын элдик кенчтери. Ф., 1974; Антипина К. И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных киргизов. Ф., 1962; Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине XIX и начале XX в. Ф., 1967; Акматалиев А. Кыргыздын кол өнөрчүлөрү. Ф., 1975, Акматалиев А.
Кыргыздын уз-усталары. Антология. Б., 1997.