ЖАПАЙЫ ТООК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАПАЙЫ ТООК</b> , б а н к и в т о о г у (Gallus gallus) – <i>кыргоолдор</i> тукумундагы канаттуу; жа­пайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене | <b type='title'>ЖАПАЙЫ ТООК</b> , б а н к и в т о о г у (Gallus gallus) – <i>кыргоолдор</i> тукумундагы канаттуу; жа­пайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене узундугу эрке­гиники 75 <i>см</i>ге, салмагы 1,5 <i>кг</i>га жетет; ургаа­чысы кичирээк. Корозунун канаты, башы, көкүрөгү ж-а төшү жалтырак саргыч, куйругу кочкул жашыл түстө. Башында калың терилүү кызыл таажысы ж-а «сөйкөсү», бутунда текөөрү болот. Ургаачысынын жүнү жөнөкөй боз-күрөң түстө. Түштүк-Чыгыш Азияда ж-а Индияда, Кы­тайдын түштүгүндө, Суматра, Ява, Бали аралдарында кеңири таралган. Бир нече түрү бар. Токойдо, калың бадал арасында, түздүктө же тоо кап­талында, кээде 2000 <i>м</i> бийиктикке чейинки тоо­до жолугат. Жакшы чуркайт, түз багытка уча алат; жапыз бакка конуп түнөйт. Түрдүү урук, мөмө, өсүмдүк бүчүрү, курт-кумурскалар м-н азыктанат. Бир корозу бир нече мекиян м-н топтошуп жашайт. Уясын жерге чөп-чар төшөп салып, 5–6 жумуртка тууп, 18–20 күн ургаачы­сы басып чыгарат. Корозу жөжөлөрүнө кам кө­рөт. Жапайы тоок Индияда бакмалаштырылып, Евро­пага алып келинип, <i>тооктордун</i> көп парода­лары алынган. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:24, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАПАЙЫ ТООК , б а н к и в т о о г у (Gallus gallus) – кыргоолдор тукумундагы канаттуу; жапайы тооктордун 4 түрүнүн бири. Дене узундугу эркегиники 75 смге, салмагы 1,5 кгга жетет; ургаачысы кичирээк. Корозунун канаты, башы, көкүрөгү ж-а төшү жалтырак саргыч, куйругу кочкул жашыл түстө. Башында калың терилүү кызыл таажысы ж-а «сөйкөсү», бутунда текөөрү болот. Ургаачысынын жүнү жөнөкөй боз-күрөң түстө. Түштүк-Чыгыш Азияда ж-а Индияда, Кытайдын түштүгүндө, Суматра, Ява, Бали аралдарында кеңири таралган. Бир нече түрү бар. Токойдо, калың бадал арасында, түздүктө же тоо капталында, кээде 2000 м бийиктикке чейинки тоодо жолугат. Жакшы чуркайт, түз багытка уча алат; жапыз бакка конуп түнөйт. Түрдүү урук, мөмө, өсүмдүк бүчүрү, курт-кумурскалар м-н азыктанат. Бир корозу бир нече мекиян м-н топтошуп жашайт. Уясын жерге чөп-чар төшөп салып, 5–6 жумуртка тууп, 18–20 күн ургаачысы басып чыгарат. Корозу жөжөлөрүнө кам көрөт. Жапайы тоок Индияда бакмалаштырылып, Европага алып келинип, тооктордун көп пародалары алынган.