ИЙЛӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЙЛӨӨ</b> т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айлан&shy;дыруу. И. ар түрдүү ийлегич заттардын жарда&shy;мы м-н ишке ашырылат. И-дө тери кылдары&shy;нын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бири&shy;бири м-н жабышат. Өсүмдүктүн жардамы м-н И. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мын&shy;да тери өсүмдүк кабыгынан ж-а тамырынан жа&shy;салган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чы&shy;ланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизи&shy;нен жука терилер иштетилет. Май м-н И-дө ба&shy;лык ж. б. жаныбарлардын майы пайдаланы&shy;лат. О. эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. И. кыргыздарда илгертеден эле колдо&shy;нулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) ж-а бугунун терилери талкууга салынган. И. ыкмасы м-н кайыш, көк, булгаары ж. б. даярдалып, чанач,
<b type='title'>ИЙЛӨӨ</b> т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айлан&shy;дыруу. Ийлөө ар түрдүү ийлегич заттардын жарда&shy;мы менен ишке ашырылат. Ийлөөдө тери кылдары&shy;нын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бири&shy;бири менен жабышат. Өсүмдүктүн жардамы менен ийлөө. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мын&shy;да тери өсүмдүк кабыгынан жана тамырынан жа&shy;салган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чы&shy;ланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизи&shy;нен жука терилер иштетилет. Май менен ийлөөдө ба&shy;лык жана башка жаныбарлардын майы пайдаланы&shy;лат. Ошондой эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. Ийлөө кыргыздарда илгертеден эле колдо&shy;нулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) жана бугунун терилери талкууга салынган. Ийлөө ыкмасы менен кайыш, көк, булгаары жана башкалар даярдалып, чанач, сабаа жана кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген.
 
 
сабаа ж-а кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

10:37, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ИЙЛӨӨ т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айлан­дыруу. Ийлөө ар түрдүү ийлегич заттардын жарда­мы менен ишке ашырылат. Ийлөөдө тери кылдары­нын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бири­бири менен жабышат. Өсүмдүктүн жардамы менен ийлөө. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мын­да тери өсүмдүк кабыгынан жана тамырынан жа­салган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чы­ланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизи­нен жука терилер иштетилет. Май менен ийлөөдө ба­лык жана башка жаныбарлардын майы пайдаланы­лат. Ошондой эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. Ийлөө кыргыздарда илгертеден эле колдо­нулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) жана бугунун терилери талкууга салынган. Ийлөө ыкмасы менен кайыш, көк, булгаары жана башкалар даярдалып, чанач, сабаа жана кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген.