ИКЕБАНА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИКЕБА́НА</b> (и к э б а н а) – япон жасалга-кол­донмо | <b type='title'>ИКЕБА́НА</b> (и к э б а н а) – япон жасалга-кол­донмо искусствосунун түрү; гүл, өсүмдүктөрдөн тур­ган композиция. Икебана искусствосу Жапонияга Түндүк Ин­диядан келген Шакьямуна Будданын сүрөтүн гүл менен кооздоодон келип чыккан. Жапонияда XV кылымдын ортосунан баштап кеңири тараган. Икебананын өркүндөшүнө буддизмге синтоикалык ишеним жана эстетикалык-философиялык көз караш таасир бер­ген. Мезгилге ылайык гүлдөр тандалып, окуяга (майрам, туулган күн, жана башкалар) байланыштуу жана үй ээсинин көңүлүнө жараша жасалган. | ||
өркүндөшүнө буддизмге синтоикалык ишеним | |||
үй ээсинин көңүлүнө жараша жасалган. | |||
[[File:ИКЕБАНА88.png | thumb | none]] | [[File:ИКЕБАНА88.png | thumb | none]] | ||
[[File:ИКЕБАНА89.png | thumb | none]] | [[File:ИКЕБАНА89.png | thumb | none]] | ||
Неги­зинен | Неги­зинен икебана чай ичүү­чү бөлмөнүн, үйдүн дубалдагы оюгуна (токонома) коюл­ган. XX кылымда икебананын салттуу эстетика­сын Икебана искусствосу­нун чебери Унсин Охара кайрадан иштеп чыккан. Ал 1910-жылдын ба­шында морибан (иретсиз топтол­гон гүлдөр) стили­не негиз салган. Анда композиция тигинен узун, бийик эмес жалпак идиштерге жайгаштырылат. Өсүмдүктөрдү бекитиш үчүн металл тосмолуу цилиндр (сишю), кийинчерээк темир төөнөгүчтөр (кендзана) колдонулган. 1930-жылдарда дзэнэйбана (<i>авангард</i> стилиндеги гүлдөр) багыты өнүккөн. Анда солуган жана кур­гаган өсүмдүктөрдүн кооздугу ачылган; тропи­калык өсүмдүктөр, куштун канаттары, темир, пластмасса, ийрилген жип, бактын бутактары, чырпыктары, жалбырактары жана башкалар колдонула баштаган. XXI кылымдын башында Жапонияда икебананын 3 миңге жакын мектеби болгон. Заманбап икебана искусствосунда модерндик айкелдин, авангард­дык <i>инсталля­циянын</i>, абстрак­циялык дизайн­дын таасири бай­калат. | ||
тигинен узун, бийик эмес жалпак идиштерге жайгаштырылат. Өсүмдүктөрдү бекитиш үчүн металл тосмолуу цилиндр (сишю), кийинчерээк темир төөнөгүчтөр (кендзана) колдонулган. 1930- жылдарда дзэнэйбана (<i>авангард</i> стилиндеги гүлдөр) багыты өнүккөн. Анда солуган | |||
чырпыктары, жалбырактары | |||
16 сап: | 11 сап: | ||
Икэбана. М., 2005. | Икэбана. М., 2005. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
10:52, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИКЕБА́НА (и к э б а н а) – япон жасалга-колдонмо искусствосунун түрү; гүл, өсүмдүктөрдөн турган композиция. Икебана искусствосу Жапонияга Түндүк Индиядан келген Шакьямуна Будданын сүрөтүн гүл менен кооздоодон келип чыккан. Жапонияда XV кылымдын ортосунан баштап кеңири тараган. Икебананын өркүндөшүнө буддизмге синтоикалык ишеним жана эстетикалык-философиялык көз караш таасир берген. Мезгилге ылайык гүлдөр тандалып, окуяга (майрам, туулган күн, жана башкалар) байланыштуу жана үй ээсинин көңүлүнө жараша жасалган.


Негизинен икебана чай ичүүчү бөлмөнүн, үйдүн дубалдагы оюгуна (токонома) коюлган. XX кылымда икебананын салттуу эстетикасын Икебана искусствосунун чебери Унсин Охара кайрадан иштеп чыккан. Ал 1910-жылдын башында морибан (иретсиз топтолгон гүлдөр) стилине негиз салган. Анда композиция тигинен узун, бийик эмес жалпак идиштерге жайгаштырылат. Өсүмдүктөрдү бекитиш үчүн металл тосмолуу цилиндр (сишю), кийинчерээк темир төөнөгүчтөр (кендзана) колдонулган. 1930-жылдарда дзэнэйбана (авангард стилиндеги гүлдөр) багыты өнүккөн. Анда солуган жана кургаган өсүмдүктөрдүн кооздугу ачылган; тропикалык өсүмдүктөр, куштун канаттары, темир, пластмасса, ийрилген жип, бактын бутактары, чырпыктары, жалбырактары жана башкалар колдонула баштаган. XXI кылымдын башында Жапонияда икебананын 3 миңге жакын мектеби болгон. Заманбап икебана искусствосунда модерндик айкелдин, авангарддык инсталляциянын, абстракциялык дизайндын таасири байкалат.
Ад.: Пронников В. Икэбана, или Вселен н а я, з ап е ч ат - ленная в цветке. М., 1985; Николаенко Н. Икэбана. М., 2005.