ИМПРОВИЗАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИМПРОВИЗА́ЦИЯ</b> ( | <b type='title'>ИМПРОВИЗА́ЦИЯ</b> (латынча improvisus – күтпөгөн жерден, капыстан) – аткаруу учурунда көркөм чыгарманы шыдыр жаратуу өнөрү. Алдын ала даярдыксыз көркөм чыгарма жаратуунун, та­бигый таланттын, кесиптик дасыгуунун натый­жасында пайда болот. Импровизация музыка, бий искусство­суна, театр, айрыкча көркөм сөз өнөрүнө мү­нөздүү. Эл чыгармачылыгына байыртан байыр алган бул өнөр ар элде ар кандай аталат. П о э з и я ­д а г ы импровизация – ырчылардын берилген темага ыла­йык, болбосо айтышта ойду улоо же жооп кайтаруу иретинде такалбай, куюлуштуруп, жа­мактатып ыр чыгарышы. Кыргызда оозеки чыгармачылык өкүм сүрүп турган кезде, импровизация көркөм сөз өнөрүнүн зарыл компоненти катары турмуштук муктаждыктан келип чыгып, көркөм чыгармачылык­тын айтуу формасы иретинде улам өнүгүп, өркүндөп салттуу өнөргө айланган. Импровизация өнөрү ай­рыкча жомокчу (кээде), жамакчы, нускоочу ырчыларга мүнөздүү. Алардын чыгармачылык куду­ретин т ө к м ө ч ү л ү к деп таамай аталган. Импровизация өнөрүн <i>Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Эсена­ман, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысма­йыл</i> сыяктуу эл ырчылары көркөм бийиктикке жеткирип, ал салтты Э. <i>Турсуналиев,</i> Т. <i>Тыны­беков,</i> Т. <i>Абдиев,</i> З. <i>Үсөнбаевдер</i> улантышты. Заманбап кыргыз поэзиясына да төкмөлүк өнөр­дү аркалаган жаштар (Э. Иманалиев, Ж. Ток­тобеков, А. Кутманалиев, Майра Керим кызы, А. Нуралиев, А. Болгонбаев, А. Туткучов жана башкалар) келген. Кыргыз адабиятында импровизациялык поэзиянын эң ири өкүлү катары улуу Токтогулду атоого бо­лот. Ал чыгармаларын комуздун коштоосунда алдын ала даярдыксыз аткарган. Төкмө акын­дар импровизациялык поэзиянын бекем, туруктуу салтта­рын, өзүнө жаккан акындын чыгармаларын аткарганда, ал акындын стилдик бөтөнчөлүк­төрүн толук сактоого аракеттенген. Кыргыз акындар поэзиясында импровизациянын эки түрдүү форма­сын атоого болот: 1) нускоо түрүндөгү импровизация – кө­бүнчө саясий маанидеги насыят, санат ырла­рын; 2) жамак түрүндөгү импровизация – аш-тойлордо кү­рөшкө чыккан балбандарды, жарышка салын­ган күлүктөрдү мактап, жар салып ырдаган | ||
чыгарманы шыдыр жаратуу өнөрү. Алдын ала даярдыксыз көркөм чыгарма жаратуунун, та­бигый таланттын, кесиптик дасыгуунун натый­жасында пайда болот. | ырчыларга мүнөздүү. Импровизациялык шык кээде профес­сионал жазуучу, акындарда да болот. Эгерде элдик акындар импровизациялык өнөрүн оозеки түрдө өнүктүрсө, профессионал акындар өздөрүнүн импровизациясын жазма түрүндө ишке ашырат. Эгерде жаз­ма импровизаторлордун эч даярдыксыз кагазга түшүргөн ыры ошол вариантта сакталып кал­са, оозеки импровизаторлор бир эле темадагы ырын кайрадан аткарганда мурдагысы сөзмө-­сөз эч качан кайталанбайт, ыр саптары өзгө­рөт, айрым сүрөттөө каражаттары кемип, же күчөйт, же айрым строфалары жоголуп, анын ордуна жаңысы пайда болот. М у з ы к а д а импровизация элдик импровизациянын таасиринде жаралган жана калып­танган. Европада анын алгачкы формалары орто кылымдагы вокалдык сыйынуу музыкасына байланыштуу чыккан. Музыка толук кагазга түшүрүлбөгөндүктөн, ар бир аткаруучу партия­сын өз деңгээлинде импровизациялаган. Акырындап импровизация ыкмасы жөнгө салынып, XIX кылымдын 1-жа­рымында белгилүү композитор-аткаруучулардын (Л. Бетховен, Н. Паганини, Ф. Шопен) чыгармачылы­гында эркин фантазиялоо формасы катары чоң мааниге ээ болгон. Фантазия, экспромт, прелю­дия сыяктуу айрым музыкалык жанрлар импровизация жолу менен жаралган. Азыр жаз музыкасында импровизацияга көбүрөөк жол берилет. Б и й д е импровизация элдик ырым-жырым, оюн-зоок майрамдары менен байланыштуу байыр­тан бери өнүгүп келет. Импровизация Азия элдеринин эл­дик бийинде, профессионалдык бий өнөрүндө, айрыкча музыканын мазмунун бий менен туюн­дурууда байкалат. Т е а т р д а импровизация – сценарий­деги мерчемдүү темага ылайык өз сөзүн жалгай айтып, образ түзө алган актёр оюну. XX кылымдын башында импровизацияны актердун чыгармачылыгын активдеш­тирүүдө, элдик көркөм каражаттар менен ба­йытууда актерлор менен иштөөдөгү окуу-тарбия методу катары К. С. Станиславский кийирген. 1919–1938-жылдары Москвада импровизация театры болгон. Импровизация азыр театр педагогикасынын негизги элементи ката­ры пайдаланылат. Кыргыз музыкасында, ай­рыкча комуз күүлөрүн чыгарууда импровизациянын үлүшү зор. Анткени күү нотага түшүрүлбөй, бир чертүү менен аткарылат. Кыргызда импровизация аспапчыларда (күү чыгарууда, аткарууда) өтө күчтүү болгон. Элдик аспаптык чыгармачылыкта (комузчулар, кыл кыякчы­лар, ооз комузчулар, чоорчулар, сурнайчылар жана башкалар) шайырлар күүлөрүн төкмөлөп чыгарыш­кан. Ошондуктан бүгүнкү черткен күүсүн эртеси кайрыктарын узартып же кыскартып чертиш­кен. Бул болсо төкмөчүлүктүн өзүнчө бир касиети катары салтка айланган. Залкар шайырлар: Арстанбек, Муратаалы, Карамолдо, Абак, Ыбы­рай, Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай жана башкалар төкмөлөп күү чыгаруунун, аткаруунун үлгү­сүн көрсөтүшкөн. | ||
өнөрүнүн зарыл компоненти катары турмуштук муктаждыктан келип чыгып, көркөм | |||
өркүндөп салттуу өнөргө айланган. | |||
өнөрүн <i>Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Эсена­ман, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысма­йыл</i> сыяктуу эл ырчылары көркөм бийиктикке жеткирип, ал салтты Э. <i>Турсуналиев,</i> Т. <i>Тыны­беков,</i> Т. <i>Абдиев,</i> З. <i>Үсөнбаевдер</i> улантышты. Заманбап кыргыз поэзиясына да төкмөлүк өнөр­дү аркалаган жаштар (Э. Иманалиев, Ж. Ток­тобеков, А. Кутманалиев, Майра Керим кызы, А. Нуралиев, А. Болгонбаев, А. Туткучов | |||
ырчыларга мүнөздүү. | |||
өнүктүрсө, профессионал акындар өздөрүнүн | |||
чыгарууда, аткарууда) өтө күчтүү болгон. Элдик аспаптык | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
12:10, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИМПРОВИЗА́ЦИЯ (латынча improvisus – күтпөгөн жерден, капыстан) – аткаруу учурунда көркөм чыгарманы шыдыр жаратуу өнөрү. Алдын ала даярдыксыз көркөм чыгарма жаратуунун, табигый таланттын, кесиптик дасыгуунун натыйжасында пайда болот. Импровизация музыка, бий искусствосуна, театр, айрыкча көркөм сөз өнөрүнө мүнөздүү. Эл чыгармачылыгына байыртан байыр алган бул өнөр ар элде ар кандай аталат. П о э з и я д а г ы импровизация – ырчылардын берилген темага ылайык, болбосо айтышта ойду улоо же жооп кайтаруу иретинде такалбай, куюлуштуруп, жамактатып ыр чыгарышы. Кыргызда оозеки чыгармачылык өкүм сүрүп турган кезде, импровизация көркөм сөз өнөрүнүн зарыл компоненти катары турмуштук муктаждыктан келип чыгып, көркөм чыгармачылыктын айтуу формасы иретинде улам өнүгүп, өркүндөп салттуу өнөргө айланган. Импровизация өнөрү айрыкча жомокчу (кээде), жамакчы, нускоочу ырчыларга мүнөздүү. Алардын чыгармачылык кудуретин т ө к м ө ч ү л ү к деп таамай аталган. Импровизация өнөрүн Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл сыяктуу эл ырчылары көркөм бийиктикке жеткирип, ал салтты Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Абдиев, З. Үсөнбаевдер улантышты. Заманбап кыргыз поэзиясына да төкмөлүк өнөрдү аркалаган жаштар (Э. Иманалиев, Ж. Токтобеков, А. Кутманалиев, Майра Керим кызы, А. Нуралиев, А. Болгонбаев, А. Туткучов жана башкалар) келген. Кыргыз адабиятында импровизациялык поэзиянын эң ири өкүлү катары улуу Токтогулду атоого болот. Ал чыгармаларын комуздун коштоосунда алдын ала даярдыксыз аткарган. Төкмө акындар импровизациялык поэзиянын бекем, туруктуу салттарын, өзүнө жаккан акындын чыгармаларын аткарганда, ал акындын стилдик бөтөнчөлүктөрүн толук сактоого аракеттенген. Кыргыз акындар поэзиясында импровизациянын эки түрдүү формасын атоого болот: 1) нускоо түрүндөгү импровизация – көбүнчө саясий маанидеги насыят, санат ырларын; 2) жамак түрүндөгү импровизация – аш-тойлордо күрөшкө чыккан балбандарды, жарышка салынган күлүктөрдү мактап, жар салып ырдаган ырчыларга мүнөздүү. Импровизациялык шык кээде профессионал жазуучу, акындарда да болот. Эгерде элдик акындар импровизациялык өнөрүн оозеки түрдө өнүктүрсө, профессионал акындар өздөрүнүн импровизациясын жазма түрүндө ишке ашырат. Эгерде жазма импровизаторлордун эч даярдыксыз кагазга түшүргөн ыры ошол вариантта сакталып калса, оозеки импровизаторлор бир эле темадагы ырын кайрадан аткарганда мурдагысы сөзмө-сөз эч качан кайталанбайт, ыр саптары өзгөрөт, айрым сүрөттөө каражаттары кемип, же күчөйт, же айрым строфалары жоголуп, анын ордуна жаңысы пайда болот. М у з ы к а д а импровизация элдик импровизациянын таасиринде жаралган жана калыптанган. Европада анын алгачкы формалары орто кылымдагы вокалдык сыйынуу музыкасына байланыштуу чыккан. Музыка толук кагазга түшүрүлбөгөндүктөн, ар бир аткаруучу партиясын өз деңгээлинде импровизациялаган. Акырындап импровизация ыкмасы жөнгө салынып, XIX кылымдын 1-жарымында белгилүү композитор-аткаруучулардын (Л. Бетховен, Н. Паганини, Ф. Шопен) чыгармачылыгында эркин фантазиялоо формасы катары чоң мааниге ээ болгон. Фантазия, экспромт, прелюдия сыяктуу айрым музыкалык жанрлар импровизация жолу менен жаралган. Азыр жаз музыкасында импровизацияга көбүрөөк жол берилет. Б и й д е импровизация элдик ырым-жырым, оюн-зоок майрамдары менен байланыштуу байыртан бери өнүгүп келет. Импровизация Азия элдеринин элдик бийинде, профессионалдык бий өнөрүндө, айрыкча музыканын мазмунун бий менен туюндурууда байкалат. Т е а т р д а импровизация – сценарийдеги мерчемдүү темага ылайык өз сөзүн жалгай айтып, образ түзө алган актёр оюну. XX кылымдын башында импровизацияны актердун чыгармачылыгын активдештирүүдө, элдик көркөм каражаттар менен байытууда актерлор менен иштөөдөгү окуу-тарбия методу катары К. С. Станиславский кийирген. 1919–1938-жылдары Москвада импровизация театры болгон. Импровизация азыр театр педагогикасынын негизги элементи катары пайдаланылат. Кыргыз музыкасында, айрыкча комуз күүлөрүн чыгарууда импровизациянын үлүшү зор. Анткени күү нотага түшүрүлбөй, бир чертүү менен аткарылат. Кыргызда импровизация аспапчыларда (күү чыгарууда, аткарууда) өтө күчтүү болгон. Элдик аспаптык чыгармачылыкта (комузчулар, кыл кыякчылар, ооз комузчулар, чоорчулар, сурнайчылар жана башкалар) шайырлар күүлөрүн төкмөлөп чыгарышкан. Ошондуктан бүгүнкү черткен күүсүн эртеси кайрыктарын узартып же кыскартып чертишкен. Бул болсо төкмөчүлүктүн өзүнчө бир касиети катары салтка айланган. Залкар шайырлар: Арстанбек, Муратаалы, Карамолдо, Абак, Ыбырай, Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай жана башкалар төкмөлөп күү чыгаруунун, аткаруунун үлгүсүн көрсөтүшкөн.