«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН»: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН»</b> , «т а з а и с­к у с с т в о» – көркөм | <b type='title'>«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН»</b> , «т а з а и с ­к у с с т в о» – көркөм чыгармачылык (искусство) коом­дук турмуш менен саясатка көз каранды болбой, көпчүлүк элдин мүдөөсү үчүн күрөшкө катыш­пай, жалаң гана абстракттуулук, сулуулук, тур­мушка байланышсыз көркөмдүк үчүн кызмат кылууга тийиш деген эстетикалык-теориялык көз караштын жалпы аты. XIX кылымдын орто ченин­де Францияда теория болуп түзүлгөн (Т. Готье, «Парнас» тобу). Биринчи жолу француз жазуу­чусу Б. Констандын күндөлүгүнө (1804; И. Кант­тын эстетикалык көз караштарга байланыш­туу эскерүүсү): «Искусство искусство үчүн мак­сатсыз, анткени ар кандай максат искусствону бур­малайт» – деп жазган. Россияда XIX кылымдын орто­сунда «Искусство искусство үчүн» урааны искусстводогу «гоголдук багытка», башкача айтканда социалдык-сынчыл багытка кар­шы коюлган (А. В. Дружинин, П. В. Аннен­ков, В. П. Боткин). Көркөм чыгармачылыктагы коом­дук проблематиканы эсепке албоочулукка алып келген «Искусство искусство үчүн» идеясын орустун революциячыл де­мократтары жана адабият таануу өкүлдөрү сынга алышкан. | ||
«Парнас» тобу). Биринчи жолу француз жазуу­чусу Б. Констандын күндөлүгүнө (1804; И. Кант­тын эстетикалык көз караштарга байланыш­туу эскерүүсү): «Искусство искусство үчүн мак­сатсыз, анткени ар кандай максат | |||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
04:37, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН» , «т а з а и с к у с с т в о» – көркөм чыгармачылык (искусство) коомдук турмуш менен саясатка көз каранды болбой, көпчүлүк элдин мүдөөсү үчүн күрөшкө катышпай, жалаң гана абстракттуулук, сулуулук, турмушка байланышсыз көркөмдүк үчүн кызмат кылууга тийиш деген эстетикалык-теориялык көз караштын жалпы аты. XIX кылымдын орто ченинде Францияда теория болуп түзүлгөн (Т. Готье, «Парнас» тобу). Биринчи жолу француз жазуучусу Б. Констандын күндөлүгүнө (1804; И. Канттын эстетикалык көз караштарга байланыштуу эскерүүсү): «Искусство искусство үчүн максатсыз, анткени ар кандай максат искусствону бурмалайт» – деп жазган. Россияда XIX кылымдын ортосунда «Искусство искусство үчүн» урааны искусстводогу «гоголдук багытка», башкача айтканда социалдык-сынчыл багытка каршы коюлган (А. В. Дружинин, П. В. Анненков, В. П. Боткин). Көркөм чыгармачылыктагы коомдук проблематиканы эсепке албоочулукка алып келген «Искусство искусство үчүн» идеясын орустун революциячыл демократтары жана адабият таануу өкүлдөрү сынга алышкан.