ЖЕЛБИРӨӨЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕЛБИРӨӨЧ</b> – кыз-келиндердин моюнга арта салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму. Өтө мыкты шөкөттөлгөн Желбирөөчтүн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар менен чын&shy;жырланган же торчолонгон бир нече сеңселме тал-&shy;тал чачысы төгү&shy;лүп турат.  
<b type='title'>ЖЕЛБИРӨӨЧ</b> кыз-келиндердин моюнга арта салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму. Өтө мыкты шөкөттөлгөн желбирөөчтүн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар менен чын&shy;жырланган же торчолонгон бир нече сеңселме тал-&shy;тал чачысы төгү&shy;лүп турат.  

[[File:ЖЕЛБИРӨӨЧ121.png | thumb | none]]
[[File:ЖЕЛБИРӨӨЧ121.png | thumb | none]]
Ага жу&shy;муруланган сүйрү жука темир или&shy;нип, сырты күмүш зымдар менен жик&shy;сиз торчолоно кы&shy;напталат. Андан да кайрадан жо&shy;горудагыдай кү&shy;мүш зымдар чын&shy;жырлана чыгып, араларына шуру тизилип, тө&shy;мөнкү учтарына сүйрү жука күмүш кулакчын&shy;дар түшүп, түйүлүп турат. Анын эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу же жүрөк&shy;чө түспөлдөгү зер жасалгасы эки канаттын чын&shy;жырланган күмүш зымдары аркылуу биригет. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]

07:17, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕЛБИРӨӨЧ – кыз-келиндердин моюнга арта салып, төшкө түшүп турган көркөм зер буюму. Өтө мыкты шөкөттөлгөн желбирөөчтүн сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, бетине асыл таштар чөгөрүлүп, эки учунда күмүш зымдар менен чын­жырланган же торчолонгон бир нече сеңселме тал-­тал чачысы төгү­лүп турат.

Ага жу­муруланган сүйрү жука темир или­нип, сырты күмүш зымдар менен жик­сиз торчолоно кы­напталат. Андан да кайрадан жо­горудагыдай кү­мүш зымдар чын­жырлана чыгып, араларына шуру тизилип, тө­мөнкү учтарына сүйрү жука күмүш кулакчын­дар түшүп, түйүлүп турат. Анын эки канатынын ортосунда да төрт бурчтуу, үч бурчтуу же жүрөк­чө түспөлдөгү зер жасалгасы эки канаттын чын­жырланган күмүш зымдары аркылуу биригет.