ИСКЕК БАЙЛООЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИСКЕК БАЙЛООЧ</b> – кыз-келинге тиешелүү ис&shy;кек сыяктуу кымбат баалуу ж-а майда кооз буюмдар илинип, оң же сол көкүрөккө тагылчу кооздук буюм. И. б-ту кыз-келиндер уздугуна жараша өздөрү жасап алган. Ал бети, тегереги саймаланып, берметтелип, жээги чачыланып, кооздолгон тукаба, нооту, лампук же түстүү жука булгаарыдан жасалган кичинекей тумар&shy;ча, төрт бурчтуу, көп бурчтуу, жылдызча же тегерек түрүндө болгон. Анын төмөнкү жээгине бекитилген бир нече илмектүү күмүш же жезден жасалган ичке чынжырларга тиш чукуур, ой&shy;мок, кулак чукуур, тырмак тазалагычка окшо&shy;гон майда буюмдар илинген.
<b type='title'>ИСКЕК БАЙЛООЧ</b> – кыз-келинге тиешелүү ис&shy;кек сыяктуу кымбат баалуу жана майда кооз буюмдар илинип, оң же сол көкүрөккө тагылчу кооздук буюм. Искек байлоочту кыз-келиндер уздугуна жараша өздөрү жасап алган. Ал бети, тегереги саймаланып, берметтелип, жээги чачыланып, кооздолгон тукаба, нооту, лампук же түстүү жука булгаарыдан жасалган кичинекей тумар&shy;ча, төрт бурчтуу, көп бурчтуу, жылдызча же тегерек түрүндө болгон. Анын төмөнкү жээгине бекитилген бир нече илмектүү күмүш же жезден жасалган ичке чынжырларга тиш чукуур, ой&shy;мок, кулак чукуур, тырмак тазалагычка окшо&shy;гон майда буюмдар илинген.
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

07:42, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ИСКЕК БАЙЛООЧ – кыз-келинге тиешелүү ис­кек сыяктуу кымбат баалуу жана майда кооз буюмдар илинип, оң же сол көкүрөккө тагылчу кооздук буюм. Искек байлоочту кыз-келиндер уздугуна жараша өздөрү жасап алган. Ал бети, тегереги саймаланып, берметтелип, жээги чачыланып, кооздолгон тукаба, нооту, лампук же түстүү жука булгаарыдан жасалган кичинекей тумар­ча, төрт бурчтуу, көп бурчтуу, жылдызча же тегерек түрүндө болгон. Анын төмөнкү жээгине бекитилген бир нече илмектүү күмүш же жезден жасалган ичке чынжырларга тиш чукуур, ой­мок, кулак чукуур, тырмак тазалагычка окшо­гон майда буюмдар илинген.