КАГАЗ АКЧАЛАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАГАЗ АКЧАЛАР</b> ( | <b type='title'>КАГАЗ АКЧАЛАР</b> (англисче fiat money) – жүгүр­түүдө толук баалуу <i>акчалардын</i> ордуна жүрүүчү <i>нарк</i> белгиси; мажбурлануучу <i>курска</i> ээ‚ адатта металлга алмашылбайт жана мамлекет тара­бынан өз <i>чыгымдарын</i> жабуу үчүн чыгарылат. Кагаз акчаларды чыгаруу зарылдыгы капитализмде өнөр жай менен <i>сооданын</i> өнүгүшүнөн келип чыккан. Кагаз акчалар алтын жана күмүш акчалардын айлануу процессинде аларга анын анык салмагынан бел­гиленген номиналдуу өлчөмдө пайда болгон. Кагаз акчалар табияты боюнча нарктын накта формасы ка­тары алардын өздүк наркы болбойт: аларды ба­сып чыгаруу анча кыйын эмес. Кагаз акчалардын анык наркы нарк мыйзамы‚ акча жүгүртүү мыйзам­дары менен аныкталат. Тарыхый кагаз акчалар. алтын­дын жана күмүштүн белгиси катары пайда бол­гон. Адегенде алар Кытайда орто кылымдарда Ху­билайхан башкарган мезгилде басып чыгарыл­ган. Кагаз акчалардын экинчи чыгарылышы жөнүндө саякатчы Марко Поло 1286-жылы эскерген. Кагаз акчалар XVII кылымдан көп чыгарыла баштаган: Швецияда – 1644-жылы‚ Түндүк Американын Массачусетс штатын­да – 1690-жылы‚ Францияда – 1701-жылы‚ Россияда – 1769-жылы чыккан. Кагаз акчалардын өз наркы болбогон­дуктан‚ алар асыл буюмдардын жана дүйнөлүк акчалардын наркынын өлчөмүн аткара албайт. Алар <i>жүгүртүү каражаттарынын</i> жана төлөм ка­ражаттарынын милдетин аткарат. <i>Алтын стан­дарт</i> алып салынгандан кийин кагаз акчалар топтомдор жана <i>сактам</i> каражаттары салыштырмалуу ту­руктуу кезинде белгилүү бир чекте алардын мил­детин аткарган. Кагаз акчалар <i>инфляция</i> менен ажырагыс байланышта. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:08, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАГАЗ АКЧАЛАР (англисче fiat money) – жүгүртүүдө толук баалуу акчалардын ордуна жүрүүчү нарк белгиси; мажбурлануучу курска ээ‚ адатта металлга алмашылбайт жана мамлекет тарабынан өз чыгымдарын жабуу үчүн чыгарылат. Кагаз акчаларды чыгаруу зарылдыгы капитализмде өнөр жай менен сооданын өнүгүшүнөн келип чыккан. Кагаз акчалар алтын жана күмүш акчалардын айлануу процессинде аларга анын анык салмагынан белгиленген номиналдуу өлчөмдө пайда болгон. Кагаз акчалар табияты боюнча нарктын накта формасы катары алардын өздүк наркы болбойт: аларды басып чыгаруу анча кыйын эмес. Кагаз акчалардын анык наркы нарк мыйзамы‚ акча жүгүртүү мыйзамдары менен аныкталат. Тарыхый кагаз акчалар. алтындын жана күмүштүн белгиси катары пайда болгон. Адегенде алар Кытайда орто кылымдарда Хубилайхан башкарган мезгилде басып чыгарылган. Кагаз акчалардын экинчи чыгарылышы жөнүндө саякатчы Марко Поло 1286-жылы эскерген. Кагаз акчалар XVII кылымдан көп чыгарыла баштаган: Швецияда – 1644-жылы‚ Түндүк Американын Массачусетс штатында – 1690-жылы‚ Францияда – 1701-жылы‚ Россияда – 1769-жылы чыккан. Кагаз акчалардын өз наркы болбогондуктан‚ алар асыл буюмдардын жана дүйнөлүк акчалардын наркынын өлчөмүн аткара албайт. Алар жүгүртүү каражаттарынын жана төлөм каражаттарынын милдетин аткарат. Алтын стандарт алып салынгандан кийин кагаз акчалар топтомдор жана сактам каражаттары салыштырмалуу туруктуу кезинде белгилүү бир чекте алардын милдетин аткарган. Кагаз акчалар инфляция менен ажырагыс байланышта.