КАЖЫ-САЙ КЕРБЕН САРАЙЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page КАЖЫСАЙ КЕРБЕН САРАЙЫ to КАЖЫ-САЙ КЕРБЕН САРАЙЫ) |
(Айырма жок)
|
04:53, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЖЫ-САЙ КЕРБЕН САРАЙЫ – IX–XII кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Кажы-Сай суусунун оң жээгинде жайгашкан. Жалпы түзүлүшү чарчы, аянты 60Ч60 м. Сакталып калган дубалынын бийикт. 3 м, бурчтарында жана борборунда мунаралары болгон. Кажы-Сай кербен сарайынын чыгыш тарабынан 40–60 м өлчөмүндөгү тик бурчтуу курулуш улай салынган. Ал жапыз дубал менен курчалып, мал камоо үчүн пайдаланылган. Дубалы чийки кыштан курулган. Кербен сарайдын 100дөн ашуун бөлмөсү болуп, казуу убагында чопо идиштер, жаргылчактар, бүлөөлөр, тамак-аш калдыктары табылган. Эстеликти 1977–1979-жылдары археолог Д. Ф. Винник изилдеген.