КЫСКАРТУУЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
Белги: Rollback |
(5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
|
04:48, 23 Март (Жалган куран) 2024 -га соңку нускасы
НЕГИЗГИ КЫСКАРТУУЛАР
а. – арал(ы), аралдар(ы) (энчилүү аттан кийин)
а. а. – атап айтканда
абс. – абсолюттук
авиац. – авиациялык
агр. – агрардык
агротех. – агротехникалык
ад-т – адабият
адм.-айм. – администрациялык-аймактык
адм. – администрациялык
а. и. – анын ичинде
арифм. – арифметикалык
арх. – архитектор
арх-ра – архитектура
астр. – астрономиялык
ат. м. – атомдук массасы
атм. – атмосфера, атмосфералык
ат. н. – атомдук номери
ат. с. – атомдук салмагы
атн. – атындагы
а. ч. – айыл чарба, айыл чарбасы
ар. – арабча
б. а. – башкача айтканда
б. з. – биздин замандын
б. з. ч. – биздин заманга чейинки
бийикт. – бийиктиги
борб. – борбордук
ботан. – ботаникалык
бурж. – буржуазиялык
бухг. – бухгалтериялык
б-ча – боюнча
б. эрүү – балкып эрүү
вет. – ветеринариялык
гал. – галерея(сы)
ген. – генетикалык
геод. – геодезиялык
геом. – геометриялык
геофиз. – геофизикалык
граммат. – грамматикалык
голл. – голландиялык
гр. – грекче
гражд. – граждандык
д. – дарыя, дарыясы, дарыялары (энчилүү аттан кийин)
демокр. – демократиялык, демократтык
деӊиз деӊг. – деӊиз деӊгээлинен
дипл. – дипломатиялык
д. у. с. – дагы ушул сыяктуу
ж. – жыл, жылы, жылдар, жылдары
ж-а – жана
ж. б. – жана башка, жана башкалар
жерг. – жергиликтүү
ж-дө – жөнүндө
ж. т. – жылы туулган
ж. у. с. – жана ушул сыяктуу
ж. ч. – жыл ченде, жылдар ченде
ж. чейин – жылга чейин, жылдарга чейин
Ж. Чыгыш – Жакынкы Чыгыш
з-д – завод
европ. – европалык
ил. – илимий
илимд. – илимдеринин
ил.-из. – илим-изилдөө
илл. – иллюстрация
инж. – инженердик
ин-т – институт
информ. – информациялык
иск-во – искусство
итал. – италиялык
к. – кара (шилтеме берилгенде), кылым (цифрадан кийин)
катар н. – катар номери
киберн. – кибернетикалык
к-т – комитет
комп. – композитор
констр. – конструктор, конструкция(лык)
конф-я – конференция
концент. – концентрация, концентрацияланган
корр. мүчө – корреспондент мүчө(сү)
коэфф. – коэффициент
к-та – кислота
кырг. – кыргызча
Кырг-н – Кыргызстан
кыш. – кыштак, кыштактары (энчилүү аттан кийин)
лабор. – лабораториялык; лаборатория
лат. – латынча
лингв. – лингвистикалык
мад-т – маданият
макс. – максимум
мамл. – мамлекеттик
матем. – математикалык
матер. – материалисттик
мед. – медициналык
мех. – механикалык
мин. – минимум, минимуму
мис. – мисалы
млн – миллион
млрд – миллиард
м-н – менен
мол. – молекулалык
муз. – музыкалык
нем. – немисче
О. Азия – Орто Азия
обком – облустук комитет
обл. – облус, облустук, облустары
о. кылым – орто кылым
орг. – органикалык
о. эле – ошондой эле
орт. – орточо
ө. ж. – өлгөн жылы
ө. ж. б. – өлгөн жылы белгисиз
п. а. к. – пайдалуу аракет коэффициенти
парт. – партиялык
пед. – педагогикалык
полигр. – полиграфиялык
проф. – профессор (энчилүү аттан кийин)
публ. – публицистикалык
райком – райондук комитет
ревком – революциялык комитет
рев-я – революция
ред. – редакциялык
реж. – режиссёр (энчилүү аттан кийин)
респ. – республикалык; республика(сы)
р-н – район (энчилүү аттан кийин)
салм. – салмагы
санит. – санитариялык
симф. – симфониялык
сов. – советтик
Сов. Союз. Баатыры – Советтер Союзунун Баатыры
соц. – социалисттик
социол. – социологиялык
Соц. Эмг. Баатыры – Социалисттик
Эмгектин Баатыры
с. салм. – салыштырма салмагы
сыйл. – сыйлыгы, сыйлыгынын, сыйлыгына
сыйымд. – сыйымдуулук, сыйымдуулугу
темп-ра – температура
тектон. – тектоникалык
термод. – термодинамикалык
теор. – теориялык
тех. – техникалык
т. ж. б. – туулган жылы белгисиз
трансп. – транспорттук
трлн – триллион
түн. – түндүк
түш. – түштүк
уз. – узундук, узундугу
ун-т – университет
физ. – физикалык
филос. – философиялык
ф-ка – фабрика
фонет. – фонетикалык
фр. – французча, франциялык
ф-т – факультет
хим. – химиялык
хирург. – хирургиялык
чыг-лык – чыгармачылык
ш. – шаары, шаарлары (энчилүү аттан кийин)
шаарком – шаардык комитет
шааратком – шаардык аткаруу комитети
Ы.Чыгыш – Ыраакы Чыгыш
эвол. – эволюциялык
экон. – экономикалык
эмг. сиӊ. арт. – эмгек сиӊирген артист
эмг. сиӊ. ишмер – эмгек сиӊирген ишмер
эрүү t – эрүү температурасы
Эскертүү: аягы -графиялык, -логиялык болуп аяктаган сөздөрдүн «афиялык», «огиялык» деген бөлүктөрү кыскартылып жазылат, мис., физиол., морфол., кинематогр., литогр. ж. б.\
БАШ ТАМГАДАН КЫСКАРТУУ (аббревиатура)
ААК – Ачык акционердик коом
АБС – Автоматтык башкаруу системасы
АЖТ – Автоматтык жөндөө теориясы
АК – Акционердик коом
АКШ – Америка Кошмо Штаттары
АО – Автономия облус
АССР – Автономия Советтик Социалисттик Республика
АТС – Автоматтык телефон станциясы
АЭС – атомдук электр станциясы
БАК – Борбордук Аткаруу Комитети
БГУ – Бишкек гуманитардык университети
ББАК – Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети
БК – Борбордук Комитет
БКО – Балдар клиникалык ооруканасы
БУУ – Бириккен Улуттар Уюму
ГФР – Германия Федерация Республикасы
ГЭС – гидроэлектр станциясы
ЕККУ (ОБСЕ) – Европалык Коопсуздук Кызматташтык Союзу
ЖАК – Жабык акционердик коом
ЖАМУ – Жалал-Абад мамлекеттик университети
ЖОЖ – Жогорку окуу жайы
ЖЧК – Жоопкерчилиги чектелген коом
ЖЭБ – жылуулук-электр борбору
ЖЭС – жылуулук-электр станциясы
ЗСФСР – Закавказье Советтик Федерациялык Социалисттик Республикасы
ИА – Илимдер академиясы
ИДП – ички дүӊ продукция(сы)
ИИИ – илим-изилдөө институту
ИИМ– ички иштер министрлиги
ИТП – илимий-техникалык прогресс
ИТР – илимий-техникалык революция
КАУ – Кыргыз агрардык университети
КАЧИ – Кыргыз айыл чарба институту
КАУ – Кыргыз агрардык университети
КМДТИ – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту
КМИИ – Кыргыз мамлекеттик искусство институту
КМКТАУ – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт ж-а архитектура
университети
КММА – Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы
КММИ – Кыргыз мамлекеттик медицина институту
КМПУ – Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети (И. Арабаев
атн.)
КМУ – Кыргыз мамлекеттик университети
КМШ – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги
КП – Коммунисттик партия
КПСС – Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (Коммунистическая
Партия Советского Союза)
КР – Кыргыз Республикасы
КРСУ – Кыргыз-Россия славян университети
КТМИ – Кыргыз тоо-кен-металлургия институту
КУГБ – Кыргызстан улуттук гематология борбору
КУТУ – Кыргыз улуттук техникалык университети
КУУ – Ж. Баласагун атн. Кыргыз улуттук университети
КЭР – Кытай Эл Республикасы
КЭУ – Кыргызстан эл аралык университети
ЛКЖС – Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзу
ЛТМОИ (ЛИТМО) – Ленинграддагы так механика ж-а оптика институту
МАК – Мамлекеттик акционердик коом
МИ – Математика институту
МИКИ – В. В. Куйбышев атн. Москва инженердик курулуш институту
ММК – Массалык маалымат каражаттары
ММУ – Москва мамлекеттик университети
МНХТИ (МИТХТ) – Ломоносов атн. Москва назик (тонкий) химия технология институту
МСКИ – Механика ж-а сейсмотуруктуулук курулмалары институту
МТЖОЖ – Москва техникалык жогорку окуу жайы
МЭИ – Москва энергетика институту
НАТО – NATO (North Atlantic Treaty Organization), Түндүк Атлантикалык келишим уюму (ТАКУ)
НМУ – Нарын мамл. университети
ОИБ – Онкология илимий борбору
ОМПИ – Ош мамлекеттик педагогикалык институту
ОХИ – Органикалык химия институту
ОшМУ – Ош мамлекеттик университети
ОшТУ – Ош технология университети
РКО – Республикалык клиникалык оорукана
РКП(б) – Россия Коммунисттик партиясы (большевиктер) (Российская Коммунистическая партия (большевиков)
РМИА – Россия медицина илимдер академиясы
РСФСР – Россия Советтик Социалисттик Федерация Республикасы Союзу (Российская Советская Федеративная Социалистическая Республика)
РФ – Россия Федерациясы
СССР МИА – СССР Медицина илимдер академиясы
СССР – Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (Союз Советских Социалистических Республик)
ТАР – Түштүк Африка Республикасы
ТашПИ – Ташкент педагогикалык институту
ТИМ – Тышкы иштер министрлиги
ТКЭС – Табиятты Коргоонун Эл аралык Союзу
ТФМИ – Тоо-тектердин физикасы ж-а математикасы институту
УАК – Улуттук авиакомпания
УИА – Улуттук Илимдер Академиясы
УКТБ – Улуттук кардиология ж-а терапия борбору
УОБ – Улуттук онкология борбору
УТРК – Улуттук телерадио компаниясы
УФБ – Улуттук фтизиатрия борбору
УХБ – Улуттук хирургия борбору
ФАП – фельдшер-акушердик пункт
ФИ – Физика институту
ФМИ – Физика-математика институту
ФПИ – Фрунзе политехника институту
ФХИ – Физикалык химия институту
ХХТИ – Химия ж-а химиялык технология институту
ШКО – Шаардык клиникалык оорукана
ЭББПИИ (ИИМОП) – Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институту
ЭВФ – Эл аралык валюта фонду
ЭКС – Эл Комиссарлар Совети
ЭКЮ – Европа Союзунун валюта бирдиги
ЭЭМ – электрондук эсептегич машина
ЮНЕСКО – UNESCO (United Nations Educational Seientific and Cultural Organization) Бириккен Улуттардын билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму
ЧЕН БИРДИКТЕРИНИН ШАРТТУУ БЕЛГИЛЕРИ
А – ампер
Е – ангстрем
а. б. – астрономиялык бирдик
айл/мин – минутасына айланышы
а. к. – ат күчү
А.с – ампер-саат
В.с – вольт-ампер
В – вольт
Вб – вебер
Вт – ватт
Втс – ваттсаат
г – грамм
га – гектар
Гб – гильберт
гл – гектолитр
Гн – генри
гПа – гектопаскаль (атмосфера басымы менен)
Гс – гаусс
Гц – герц
г-экв – грамм-эквивалент
дал –декалитр
дБ – децибел
Дж – джоуль
дин – дина
дм – дециметр
дмилясы – деӊиз милясы
ж. жылы – жарык жылы
К – Кельвин
Кл – кулон
кал – калория
кар – карат
кВт – киловатт
кВтс – киловаттсаат
кг – килограмм
кгк – килограмм күч
кд – кандела
ккал – килокалория
км – километр
кмоль – киломоль
кэВ – килоэлектронвольт
л – литр
лк – люкс
лм – люмен
м – метр
м. а. б. – массанын атомдук бирдиги
МВт – Мегаватт
мг – миллиграмм
МГц – Мегагерц
мин – минута
мкм – микрометр
Мкс – максвелл
мкс – микросекунда
млн – миллион
млрд – миллиард
мм – миллиметр
МОм – Мегом
Н – ньютон
нм – нанометр
нсек – наносекунда
нт – нит
Ом – ом
пс – парсек
пФ – пикофарада
рег бр. т – рег брутто тонна
Р – рентген
рад – радиан
с – саат
°С – Цельсий градусу
сек – секунда
сСт – сантистокс
См – сименс
см – сантиметр
сП – сантипуаз
Ст – стокс
ср – стерадиан
суу мам. мм – суу мамычасынын миллиметри
сым. мам. мм – сымап мамычасынын миллиметри
т – тонна
тк – тонна-күч
Тл – тесла
түй. – түйүн
Ф – фарада
ц – центнер
Э – эрстед
эВ – электронвольт
БИРДИКТЕРДИН АТТАРЫН ТҮЗҮҮЧҮ МҮЧӨЛӨРДҮН КЫСКАРТЫЛГАН БЕЛГИЛЕРИ
а – аттоо... (10–18)
Г – гига... (109)
г – гекто... (102)
д – деци... (10–1)
да – дека... (10)
к – кило... (103)
М – мега... (106)
м – милли... (10–3)
мк – микро... (10–6)
н – нано... (10–9)
п – пико... (10–12)
с – санти... (10–12)
Т – тера... (1012)
Ф – фемто... (10–15)
БИБЛИОГРАФИЯЛЫК КЫСКАРТУУЛАР (кыргызча, орусчасы аралаш берилди)
авт. – автор
ад. – адабият
б. – бети
бас. – басылышы
б. г. – без года
библ. – библиография
билд. – билдирүү
биогр. – биография
б. м. – без места
бюл. – бюллетень
в. – выпуск
г. – год
дисс. – диссертация
Докл. – доклады, докладдар
доп. – дополнение, дополнительный
ж. – жыл
ж. белгисиз – жылы белгисиз
жооп. ред. – жооптуу редактор
загл. – заглавие
Зап. – Записки
Изв. – Известия
Источн. – Источники
Каб. – Кабарлар
мазм. – мазмуну
огл. – оглавление
отв. ред. – ответственный редактор
отт. – оттиск
прил. – приложение
Полн. собр. соч. – Полное собрание сочинений
публ. – публикация
ред. – редактор
реф. – реферат
рец. – рецензия
сб. – сборник
сер. – серия
соавт. – соавтор
Собр. соч. – Собрание сочинений
Соч. – Сочинения
с. – страница
т. – том
Танд. чыг. – Тандалган чыгармалар
Тр. – Труды
Уч. зап. – Ученые записки
ч. ж. белгисиз – чыгарылган жылы
белгисиз
Чыг. – Чыгармалар
Чыг. тол. жыйн. – Чыгармалардын
толук жыйнагы
шер. авт. – шериктеш автор
эвол. – эволюция (лык)
Эмг. – Эмгектер
ШААРЛАРДЫН БИБЛИОГРАФИЯДА КЫСКАРТЫЛГАН АТТАРЫ (кыргыз, орус тилдеринде)
А. – Алматы
А.-А. – Алма-Ата
Б. – Бишкек
Г. – Горький
Душ. – Душанбе
Дүйш. – Дүйшөмбү
Ер. – Ереван
Киш. – Кишинев
Л. – Ленинград
М. – Москва
Новосиб. – Новосибирск
Од. – Одесса
П. – Петроград (Петербург)
С.-Пб. – Санкт-Петербург
Тал. – Таллин
Таш. – Ташкент
Тб. – Тбилиси
Ф. – Фрунзе
Хар. – Харьков