КАЛБЫР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛБЫР</b> – дан, талкаланган кен, катуу отун, ири кум, шагыл | <b type='title'>КАЛБЫР</b> – дан, талкаланган кен, катуу отун, ири кум, шагыл жана башка чубурма заттарды ар кан­дай өлчөмдөгү торчодон өткөрүп сорттоочу жаб­дуу. Күндөлүк турмушта эгин тазалоо, кум жана башкаларды элөө үчүн пайдаланылат. Ал болот зымдан тор­долуп же калың тунукеден көзөлүп жасалат. Диаметри 50–60 <i>см</i>, бийиктиги 10–15 <i>см</i> алкакка бекитилет. | ||
тунукеден көзөлүп жасалат. Диаметри 50–60 <i>см</i>, | |||
10–15 <i>см</i> алкакка | |||
бекитилет. | |||
[[File:КАЛБЫР130.png | thumb | none]] | [[File:КАЛБЫР130.png | thumb | none]] | ||
Сапы­рылган эгин кал­бырланганда чир­че, кычы, алабата, меңдубана сыяктуу отоо | Сапы­рылган эгин кал­бырланганда чир­че, кычы, алабата, меңдубана сыяктуу отоо чөптүн данынан, чар, таш-кумдан, кум элеген­де таш жана башкалардан арылат. Азыр калбыр. комбайнда орнотулган. Өнөр жайда кыймылсыз түзүлүштөн жана кыймылдуу машинадан турган калбыр колдону­лат. Кыймылсыз калбыр [колосниктүү, догоолуу (жаа), конустуу] калбырлоочу беттен, аны ор­нотуп бекитүүчү жумушчу органдан жана кый­мылга келтирүүчү механизмден турат. Колосник­тик калбыр. көзөнөкчөлөрү 50 <i>мм</i> болуп, кесек мате­риалдарды; доголук калбыр болсо майда дандуу ма­териалдарды (көмүр, кум жана башкалар); ал эми конус­туу калбыр кесек материалдарды сорттоодо, суусун сарыктырууда колдонулат. Калбыр айланып (бара­бандуу), термелип, дирилдеп жана жарым жар­тылай дирилдеп кыймылдайт. Барабандуу бир октун айланасында айланып калбырлайт. Тер­мелүүчү калбыр атайын себетке бекитилген жана кыймылдоочу механизмге кошулган. Дирилдек калбырдын себети атайын дирилдегичтин жардамы менен кыймылга келет. | ||
чөптүн данынан, чар, таш-кумдан, кум элеген­де таш | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:10, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЛБЫР – дан, талкаланган кен, катуу отун, ири кум, шагыл жана башка чубурма заттарды ар кандай өлчөмдөгү торчодон өткөрүп сорттоочу жабдуу. Күндөлүк турмушта эгин тазалоо, кум жана башкаларды элөө үчүн пайдаланылат. Ал болот зымдан тордолуп же калың тунукеден көзөлүп жасалат. Диаметри 50–60 см, бийиктиги 10–15 см алкакка бекитилет.

Сапырылган эгин калбырланганда чирче, кычы, алабата, меңдубана сыяктуу отоо чөптүн данынан, чар, таш-кумдан, кум элегенде таш жана башкалардан арылат. Азыр калбыр. комбайнда орнотулган. Өнөр жайда кыймылсыз түзүлүштөн жана кыймылдуу машинадан турган калбыр колдонулат. Кыймылсыз калбыр [колосниктүү, догоолуу (жаа), конустуу] калбырлоочу беттен, аны орнотуп бекитүүчү жумушчу органдан жана кыймылга келтирүүчү механизмден турат. Колосниктик калбыр. көзөнөкчөлөрү 50 мм болуп, кесек материалдарды; доголук калбыр болсо майда дандуу материалдарды (көмүр, кум жана башкалар); ал эми конустуу калбыр кесек материалдарды сорттоодо, суусун сарыктырууда колдонулат. Калбыр айланып (барабандуу), термелип, дирилдеп жана жарым жартылай дирилдеп кыймылдайт. Барабандуу бир октун айланасында айланып калбырлайт. Термелүүчү калбыр атайын себетке бекитилген жана кыймылдоочу механизмге кошулган. Дирилдек калбырдын себети атайын дирилдегичтин жардамы менен кыймылга келет.