ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР</b> – жер кыртышы­нын үстүнкү бөлүгүндө жаткан тоо тек катмар­ларындагы суюк, муз ж-а буу түрүндөгү суу. Жер бетиндеги суулардан айырмасы – алар жер бе­тинен төмөн жайгашып, тоо тектердеги жара­каларды, көңдөйлөрдү толтуруп турат. Суу жер астындагы катмарларга жер бетиндеги суулар­дан, | <b type='title'>ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР</b> – жер кыртышы­нын үстүнкү бөлүгүндө жаткан тоо тек катмар­ларындагы суюк, муз ж-а буу түрүндөгү суу. Жер бетиндеги суулардан айырмасы – алар жер бе­тинен төмөн жайгашып, тоо тектердеги жара­каларды, көңдөйлөрдү толтуруп турат. Суу жер астындагы катмарларга жер бетиндеги суулар­дан, атмосфералык жаан-чачындан же тереңдиктеги маг­ма бууларынан келет. Мында суу гравитация­лык же эркин суу (оордук күчүнүн таасири м-н агуучу), капиллярдык суу (молекулалык тар­тылуу күчүнөн кыртыштагы кесек бөлүкчө­лөрдүн арасындагы майда капиллярлар аркы­луу көтөрүлүүчү), байланышкан суу (минерал­дардын кристаллдык торчолорундагы) ж. б. түрдө болот. Алардын негизгиси – эркин (гра­витациялык) суу – жер кыртышында катуу (муз), газ (буу) ж-а суюк түрүндө кезигет. Жер астындагы суулар пайда болушуна карай 5 түргө бөлүнөт: и н ф и л ь т р а ц и я л ы к (вадоз) суулар чөкмө, магма ж-а метаморфизмделген тектердеги май­да көзөнөкчөлөр, жаракалар, көңдөйчөлөр, ар түрдүү боштуктар аркылуу атмосфералык жаан-чачын м-н жер бетиндеги суулардын сарыгып өтүшүнөн пайда болот; к о н д е н с а ц и я л ы к суулар – тоотектердеги боштуктарга чогулган абадагы буунун муздашынан (конденсацияланышынан) келип чыгат; с е д и м е н т а ц и я л ы к суулар деңиз чөкмөлөрүнө суу сиңип, кийин ныктал­ганда сыгылып чыгып, бир жерге топтолушу­нан пайда болот. Алар негизинен гидрогеологиялык структуранын борборунда ж-а өтө тереңдикте жайгашат; о р г а н и к а л ы к суулар – ылай ­чополуу чөкмөлөрдө сакталып калган органикалык зат­тардан пайда болот; т е р е ң д и к т е н орун алган (ювениль) суулар – магмадан бөлүнүп чыккан суу бууларынын муздашынан чогулат. Тоо тектериндеги суу чогулган боштуктардын өзгөчөлүгүнө карай Жер астындагы суулар көзөнөктүү, катмар­луу, жаракалуу ж-а карст суулары болуп бө­лүнөт. Суу топтолгон тоотек катмарлары суу­луу горизонт деп аталат. Жер кыртышындагы эң үстүнкү горизонттогу сууну <i>кыртыш (грунт) суулары</i> дейбиз. Ал бир нече <i>см</i>ден ондогон <i>м</i> тереңдикте кездешип, үстүнкү бети бош, кы­сымсыз абалда болот. Кыртыш сууларынан төмөн <i>артезиан суулары</i> жатат. Анын асты ж-а үстү суу өткөрбөөчү катмарлар м-н чекте­лет. Жер астындагы суулар – курамында түрдүү минералдар, органикалык заттар ж-а газдар бар табигый эриндилер. Суудагы эриген заттардын өлчөмүнө карата жер астындагы суулар тузсуз (туздуулугу 1 <i>г/л</i>ге чейин), чала туздуу (1–10 <i>г/л</i>), туздуу (10–50 <i>г/л</i>), шорлуу (50 <i>г/л</i>ден көп); газдардын курамы боюнча көмүр кычкылдуу, күкүрттүү суутектүү, азоттуу, радон­дуу, метандуу ж. б. сууларга бөлүнөт. Кура­мында түрдүү туздар же газдар, органикалык компонент­тер, кээде газ м-н радондун эманациясы болуп калса, анда дарылоочу касиетке ээ. Жер астындагы суулар <i>ми­нералдуу суулар</i> деп да аталат. Жер астындагы суулардын физикалык касиети алардын химиялык курамына байланыштуу. Суунун температурасы боюнча муздак (20°ка чейин), <i>арашан суулары</i> (20°тан жогору) болуп бөлүнөт. Жер астындагы сууларды <i>гидрогеология</i> илими изилдейт. Жер астындагы суулар эзелтен бери калкты таза суу м-н кам­сыз кылууда, сугат ишинде, жайыттарды суу м-н камсыз кылууда кеңири колдонулат. Азыр­кы кезде алардын мааниси күндөн күнгө артуу­да. Жер астынан чыккан минералдуу суулар ичүүгө ж-а ар кандай дарттан дарыланууга ке­ректелет. Кийинки кезде арашан суулардан жылуулук кубаты алына баштады (к. <i>Арашан суулары</i>). Кыргызстандын аймагында Жер астындагы суулардын бардык түрү кездешет. Республикада 80ден ашык минералдуу булактар бар. Айрымдарынын ба­засында курорттор (Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Ысык-Ата ж. б.) иштейт. | ||
ф и л ь т р а ц и я л ы к (вадоз) суулар чөкмө, магма ж-а метаморфизмделген тектердеги май­да көзөнөкчөлөр, жаракалар, көңдөйчөлөр, ар түрдүү боштуктар аркылуу | |||
чыккан суу бууларынын муздашынан чогулат. Тоо тектериндеги суу чогулган боштуктардын | |||
өзгөчөлүгүнө карай | |||
Ад.: <i>Овчинников А. М</i>. Подземные воды. М., 1960; Минеральные воды. М., 1963; <i>Личков Б. Л.</i> Природ­ные воды земли и литосферы. М., 1963; <i>Ланге О. К.</i> Гидрогеология. М., 1969. | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
09:27, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУЛАР – жер кыртышынын үстүнкү бөлүгүндө жаткан тоо тек катмарларындагы суюк, муз ж-а буу түрүндөгү суу. Жер бетиндеги суулардан айырмасы – алар жер бетинен төмөн жайгашып, тоо тектердеги жаракаларды, көңдөйлөрдү толтуруп турат. Суу жер астындагы катмарларга жер бетиндеги суулардан, атмосфералык жаан-чачындан же тереңдиктеги магма бууларынан келет. Мында суу гравитациялык же эркин суу (оордук күчүнүн таасири м-н агуучу), капиллярдык суу (молекулалык тартылуу күчүнөн кыртыштагы кесек бөлүкчөлөрдүн арасындагы майда капиллярлар аркылуу көтөрүлүүчү), байланышкан суу (минералдардын кристаллдык торчолорундагы) ж. б. түрдө болот. Алардын негизгиси – эркин (гравитациялык) суу – жер кыртышында катуу (муз), газ (буу) ж-а суюк түрүндө кезигет. Жер астындагы суулар пайда болушуна карай 5 түргө бөлүнөт: и н ф и л ь т р а ц и я л ы к (вадоз) суулар чөкмө, магма ж-а метаморфизмделген тектердеги майда көзөнөкчөлөр, жаракалар, көңдөйчөлөр, ар түрдүү боштуктар аркылуу атмосфералык жаан-чачын м-н жер бетиндеги суулардын сарыгып өтүшүнөн пайда болот; к о н д е н с а ц и я л ы к суулар – тоотектердеги боштуктарга чогулган абадагы буунун муздашынан (конденсацияланышынан) келип чыгат; с е д и м е н т а ц и я л ы к суулар деңиз чөкмөлөрүнө суу сиңип, кийин ныкталганда сыгылып чыгып, бир жерге топтолушунан пайда болот. Алар негизинен гидрогеологиялык структуранын борборунда ж-а өтө тереңдикте жайгашат; о р г а н и к а л ы к суулар – ылай чополуу чөкмөлөрдө сакталып калган органикалык заттардан пайда болот; т е р е ң д и к т е н орун алган (ювениль) суулар – магмадан бөлүнүп чыккан суу бууларынын муздашынан чогулат. Тоо тектериндеги суу чогулган боштуктардын өзгөчөлүгүнө карай Жер астындагы суулар көзөнөктүү, катмарлуу, жаракалуу ж-а карст суулары болуп бөлүнөт. Суу топтолгон тоотек катмарлары суулуу горизонт деп аталат. Жер кыртышындагы эң үстүнкү горизонттогу сууну кыртыш (грунт) суулары дейбиз. Ал бир нече смден ондогон м тереңдикте кездешип, үстүнкү бети бош, кысымсыз абалда болот. Кыртыш сууларынан төмөн артезиан суулары жатат. Анын асты ж-а үстү суу өткөрбөөчү катмарлар м-н чектелет. Жер астындагы суулар – курамында түрдүү минералдар, органикалык заттар ж-а газдар бар табигый эриндилер. Суудагы эриген заттардын өлчөмүнө карата жер астындагы суулар тузсуз (туздуулугу 1 г/лге чейин), чала туздуу (1–10 г/л), туздуу (10–50 г/л), шорлуу (50 г/лден көп); газдардын курамы боюнча көмүр кычкылдуу, күкүрттүү суутектүү, азоттуу, радондуу, метандуу ж. б. сууларга бөлүнөт. Курамында түрдүү туздар же газдар, органикалык компоненттер, кээде газ м-н радондун эманациясы болуп калса, анда дарылоочу касиетке ээ. Жер астындагы суулар минералдуу суулар деп да аталат. Жер астындагы суулардын физикалык касиети алардын химиялык курамына байланыштуу. Суунун температурасы боюнча муздак (20°ка чейин), арашан суулары (20°тан жогору) болуп бөлүнөт. Жер астындагы сууларды гидрогеология илими изилдейт. Жер астындагы суулар эзелтен бери калкты таза суу м-н камсыз кылууда, сугат ишинде, жайыттарды суу м-н камсыз кылууда кеңири колдонулат. Азыркы кезде алардын мааниси күндөн күнгө артууда. Жер астынан чыккан минералдуу суулар ичүүгө ж-а ар кандай дарттан дарыланууга керектелет. Кийинки кезде арашан суулардан жылуулук кубаты алына баштады (к. Арашан суулары). Кыргызстандын аймагында Жер астындагы суулардын бардык түрү кездешет. Республикада 80ден ашык минералдуу булактар бар. Айрымдарынын базасында курорттор (Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Ысык-Ата ж. б.) иштейт.
Ад.: Овчинников А. М. Подземные воды. М., 1960; Минеральные воды. М., 1963; Личков Б. Л. Природные воды земли и литосферы. М., 1963; Ланге О. К. Гидрогеология. М., 1969.