БАРУЗДИН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАРУ́ЗДИН ''' '''Юрий Дмитриевич''' (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси ( | '''БАРУ́ЗДИН ''' '''Юрий Дмитриевич''' (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–1962). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–1956-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Биздин замандын I–V кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) жана башка көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттерди, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табууга катышкан, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) жана башка эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган. <br/>''Д. Ф. Винник.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:14, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БАРУ́ЗДИН Юрий Дмитриевич (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–1962). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–1956-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Биздин замандын I–V кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) жана башка көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттерди, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табууга катышкан, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) жана башка эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган.
Д. Ф. Винник.