БОЁКТОР 1: нускалардын айырмасы
(Temirkan moved page БОЁКТОР 1 to БОЁКТОР (түстүү органикалык бирикмелер)) Белги: New redirect |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' БОЁКТОР 1''' – кездеме, тери, кагаз, пластмасса, резина жана башкаларды боёодо колдонулуучу түстүү органикалык бирикмелер. Боёктор байыркы заманда эле белгилүү болгон. Табигый боёктор көбүнчө өсүмдүктөрдөн (ал<font color='green'>и</font>зарин, индиго), кээде жаныбар организминен (пурпур) алынган. XIX кылымдын ортосунда сапаттуу синтездик боёктор көп чыгарылып, табигый боёктор кеӊири колдонулбай калды. Алардын сапаты м<font color='green'>о</font>лекулаларынын хим. түзүлүшүнө байланыштуу. Химиялык түзүлүшү боюнча ''азобоёктор, нитробоёктор'', күкүрттүү боёк, индиго, антрахинон жана башка то<font color='green'>п</font>торго бөлүнөт. Алифаттык жана алициклдүү к<font color='green'>а</font>тардагы боёкторго каротиноиддер кирет. Аларда көмүртек атомдорунун чынжырлары конъюгирлешкен кош байланыш системасында болот. Ароматтык боёкторго окси жана алкокси топтору бар чексиз кетондор, диарилметан туундулары, хинон, антрахинон жана башкаларга тиешелүү болсо, гетер<font color="green">о</font>циклдүү боёктордо көбүнчө пиррол туундулары б<font color="green">о</font>лот. Техникалык жактан материалдарды боёо жана аны колдонуу шартына жараша түздөн-түз боёочу, кислоталык, негиздик, булгаары, ацетат жибегин, синтездик булаларды боёочу пигменттер, ла<font color="green">к</font>тар болуп бөлүнөт. Боёктор кино, сүрөт иштеринде, анализдик химияда, медицинада жана басмак<font color="green">а</font>нада колдонулат. ''С. Адылов.'' | |||
[[Category: 2-том ]] |
12:11, 14 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БОЁКТОР 1 – кездеме, тери, кагаз, пластмасса, резина жана башкаларды боёодо колдонулуучу түстүү органикалык бирикмелер. Боёктор байыркы заманда эле белгилүү болгон. Табигый боёктор көбүнчө өсүмдүктөрдөн (ализарин, индиго), кээде жаныбар организминен (пурпур) алынган. XIX кылымдын ортосунда сапаттуу синтездик боёктор көп чыгарылып, табигый боёктор кеӊири колдонулбай калды. Алардын сапаты молекулаларынын хим. түзүлүшүнө байланыштуу. Химиялык түзүлүшү боюнча азобоёктор, нитробоёктор, күкүрттүү боёк, индиго, антрахинон жана башка топторго бөлүнөт. Алифаттык жана алициклдүү катардагы боёкторго каротиноиддер кирет. Аларда көмүртек атомдорунун чынжырлары конъюгирлешкен кош байланыш системасында болот. Ароматтык боёкторго окси жана алкокси топтору бар чексиз кетондор, диарилметан туундулары, хинон, антрахинон жана башкаларга тиешелүү болсо, гетероциклдүү боёктордо көбүнчө пиррол туундулары болот. Техникалык жактан материалдарды боёо жана аны колдонуу шартына жараша түздөн-түз боёочу, кислоталык, негиздик, булгаары, ацетат жибегин, синтездик булаларды боёочу пигменттер, лактар болуп бөлүнөт. Боёктор кино, сүрөт иштеринде, анализдик химияда, медицинада жана басмаканада колдонулат. С. Адылов.