ВАВИЛОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВАВИЛО́Н''' (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Ж. Чыгыштагы ири шаар (б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – б. з. ч. 4-к.). Месопотамияда Евфрат д-нын жээгинен орун алган;  
'''ВАВИЛО́Н ''' (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – биздин заманга чейинки IV кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган; Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, биздин заманга чейинки 1894–1595-жылдар) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү ''Хаммурапи'' (биздин заманга чейинки 1792–1750) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган.
 
[[File:ВАВИЛОН3.png | thumb | Иштар дарбазасы. Вавилон, биздин заманга чейинки VI кылым. Реконструкция. <br/>Мамлекеттик музей (Берлин).]]
Иштар дарбазасы. Вавилон, б. з. ч. VI к. Реконструкция.
Биздин заманга чейинки  1595-жылы Вавилон хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Биздин заманга чейинки  1-миӊ жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу ''Семирамиданын асма багы'' жайгашкан. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. V кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алат. 312-жылы                      А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, биздин замандын II кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.<br/>Ад.: ''Геродот.'' История в девяти книгах. Л., 1972; ''Кленгель-Брандт Э.'' Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.
Мамлекеттик музей (Берлин).
В-дун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) ш-нын жанында. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башында шаар В. аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, б. з. ч. 1894–1595-ж.) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү ''Хаммурапи'' (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, В. дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Б. з. ч. 1595-ж. В. хеттер, 1518-ж. каситтер тарабынан басып алынган. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын башында В. Ассирия м-н арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан В. Ассирия державасынын курамына кирген. 689-ж. Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-ж. Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, В. Ж. Чыгыштагы бай ж-а чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түн.-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу ''Семирамиданын асма багы'' жайгашкан. Б. з. ч. 539-ж. В-ду Персия падышасы Кир II караткан. 5-к-дын экинчи жарымында В-до болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-ж. шаарды Александр Македонский басып алат. 312-ж. А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн В-дон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин В. кедеринен кетип, б. з. 2-к-нда тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-ж. Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы В. шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.
Ад.: ''Геродот.'' История в девяти книгах. Л., 1972; ''Кленгель-Брандт Э.'' Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:35, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ВАВИЛО́Н (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – биздин заманга чейинки IV кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган; Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Биздин заманга чейинки 2-миӊ жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, биздин заманга чейинки 1894–1595-жылдар) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү Хаммурапи (биздин заманга чейинки 1792–1750) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган.

Иштар дарбазасы. Вавилон, биздин заманга чейинки VI кылым. Реконструкция.
Мамлекеттик музей (Берлин).

Биздин заманга чейинки 1595-жылы Вавилон хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Биздин заманга чейинки 1-миӊ жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу Семирамиданын асма багы жайгашкан. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. V кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алат. 312-жылы А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, биздин замандын II кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.
Ад.: Геродот. История в девяти книгах. Л., 1972; Кленгель-Брандт Э. Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.