БАКУ ОКУЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКУ ОКУЯЛАРЫ '''(1990) - | '''БАКУ ОКУЯЛАРЫ '''(1990) - [[Азербайжан]] менен [[Армения]]нын ортосундагы [[Тоолуу Карабак]] Автономия облусунун (ТКАО) айланасындагы талаш-­тартыштарга байланыштуу келип чыккан улут аралык кагылышуулар. 1987-жылы ТКАОдо ба­сымдуу көпчүлүктү түзгөн армяндардын облус­тун статусун өзгөртүү жана Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу тууралуу талаптары армян­дар менен азербайжандардын ортосундагы ти­решүүлөргө алып келип, анын натыйжасында качкындардын массалык агымын пайда кылган. Азербайжандар Тоолуу Карабактан, ал эми Баку жана Азербайжандын башка шаарларынан армяндар кетүүгө аргасыз болгон. 1988-жылы 27- 29-февралда Сумгаиттеги армяндар көптөгөн курмандыктарга алып келген массалык тала­п тоноо, сабоолорду уюштурушкан. 1989-жылы Азер­байжанда түзүлгөн Азербайжан Элдик фронту (АЭФ) ТКАОну республиканын курамында калтыруу, азербайжандарды ал жактан чыгарууга ти­йиштүү күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, өлкөнүн жетекчилигин коррупцияланган жана башкарууга жөндөмсүз деп айыптаган. 1990- жылдын башында өкмөттүк имараттардын алдында пикеттер уюштурулуп, жолдорго патрул­дар коюлуп, аскердик гарнизондор блокадага алынган. 13-15-январда Бакуда армяндарды талап-тоноо, сабоо уюштурулган. 17-18-январ­да АЭФтин чакырыгы менен Азербайжан КП БКнын имаратынын алдында республиканын жетек­чилигинин отставкасын талап кылган массалык митинг болуп өткөн. Москвадан келген СССР Жогорку Советинин Союздар Советинин төрагасы Е. М. Примаков, КПСС БКнын секре­тары А. Н. Гиренко, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орунбасары В. X. Догужиев­дер өлкөдөгү абалдын оордугун билдиришкен соң, 19-январда СССР Жогорку Советинин чечи­ми менен республикада «Өзгөчө кырдаал абалы» жарыя­ланып, аскерлер киргизилген. Шаардын комен­дантынын маалыматтары боюнча 19-20-январда Бакуда 83 киши курман болгон, айрым маалы­маттарда 1800дөн ашык киши дайынсыз жогол­гон. Советтик Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы менен ички иштер министрлигинин атайын аскерле­ри республикадагы абалды көзөмөлгө алган. 24-ян­варда Азербайжан КП БКнын Пленумунда БКнын 1-секретарлыгына А. Везировдун орду­на А. Муталибов шайланган. | ||
''А. Орозов.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
07:23, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БАКУ ОКУЯЛАРЫ (1990) - Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак Автономия облусунун (ТКАО) айланасындагы талаш-тартыштарга байланыштуу келип чыккан улут аралык кагылышуулар. 1987-жылы ТКАОдо басымдуу көпчүлүктү түзгөн армяндардын облустун статусун өзгөртүү жана Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу тууралуу талаптары армяндар менен азербайжандардын ортосундагы тирешүүлөргө алып келип, анын натыйжасында качкындардын массалык агымын пайда кылган. Азербайжандар Тоолуу Карабактан, ал эми Баку жана Азербайжандын башка шаарларынан армяндар кетүүгө аргасыз болгон. 1988-жылы 27- 29-февралда Сумгаиттеги армяндар көптөгөн курмандыктарга алып келген массалык талап тоноо, сабоолорду уюштурушкан. 1989-жылы Азербайжанда түзүлгөн Азербайжан Элдик фронту (АЭФ) ТКАОну республиканын курамында калтыруу, азербайжандарды ал жактан чыгарууга тийиштүү күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, өлкөнүн жетекчилигин коррупцияланган жана башкарууга жөндөмсүз деп айыптаган. 1990- жылдын башында өкмөттүк имараттардын алдында пикеттер уюштурулуп, жолдорго патрулдар коюлуп, аскердик гарнизондор блокадага алынган. 13-15-январда Бакуда армяндарды талап-тоноо, сабоо уюштурулган. 17-18-январда АЭФтин чакырыгы менен Азербайжан КП БКнын имаратынын алдында республиканын жетекчилигинин отставкасын талап кылган массалык митинг болуп өткөн. Москвадан келген СССР Жогорку Советинин Союздар Советинин төрагасы Е. М. Примаков, КПСС БКнын секретары А. Н. Гиренко, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орунбасары В. X. Догужиевдер өлкөдөгү абалдын оордугун билдиришкен соң, 19-январда СССР Жогорку Советинин чечими менен республикада «Өзгөчө кырдаал абалы» жарыяланып, аскерлер киргизилген. Шаардын комендантынын маалыматтары боюнча 19-20-январда Бакуда 83 киши курман болгон, айрым маалыматтарда 1800дөн ашык киши дайынсыз жоголгон. Советтик Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы менен ички иштер министрлигинин атайын аскерлери республикадагы абалды көзөмөлгө алган. 24-январда Азербайжан КП БКнын Пленумунда БКнын 1-секретарлыгына А. Везировдун ордуна А. Муталибов шайланган.
А. Орозов.