БАКУ ОКУЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАКУ ОКУЯЛАРЫ '''(1990) - ''Азербайжан'' м-н ''Армениянын'' ортосундагы Тоолуу Карабак Автономия облусунун (ТКАО) айланасындагы талаш-­тартыштарга байланыштуу келип чыккан улут аралык кагылышуулар. 1987-жылы ТКАОдо ба­сымдуу көпчүлүктү түзгөн армяндардын облус­тун статусун өзгөртүү ж-а Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу тууралуу талаптары армян­дар м-н азербайжандардын ортосундагы ти­решүүлөргө алып келип, анын натыйжасында качкындардын массалык агымын пайда кылган. Азербайжандар Тоолуу Карабактан, ал эми Баку ж-а Азербайжандын башка шаарларынан армяндар кетүүгө аргасыз болгон. 1988-жылы 27- 29-февралда Сумгаиттеги армяндар көптөгөн курмандыктарга алып келген массалык тала­п тоноо, сабоолорду уюштурушкан. 1989-жылы Азер­байжанда түзүлгөн Азербайжан Элдик фронту (АЭФ) ТКАОну республиканын курамында калтыруу, азербайжандарды ал жактан чыгарууга ти­йиштүү күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, өлкөнүн жетекчилигин коррупцияланган ж-а башкарууга жөндөмсүз деп айыптаган. 1990- жылдын башында өкмөттүк имараттардын алдында пикеттер уюштурулуп, жолдорго патрул­дар коюлуп, аскердик гарнизондор блокадага алынган. 13-15-январда Бакуда армяндарды талап-тоноо, сабоо уюштурулган. 17-18-январ­да АЭФтин чакырыгы м-н Азербайжан КП БКнын имаратынын алдында республиканын жетек­чилигинин отставкасын талап кылган массалык митинг болуп өткөн. Москвадан келген СССР Жогорку Советинин Союздар Советинин төрагасы Е. М. Примаков, КПСС БКнын секре­тары А. Н. Гиренко, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орунбасары В. X. Догужиев­дер өлкөдөгү абалдын оордугун билдиришкен соң, 19-январда СССР Жогорку Советинин чечи­ми м-н республикада «Өзгөчө кырдаал абалы» жарыя­ланып, аскерлер киргизилген. Шаардын комен­дантынын маалыматтары боюнча 19-20-январда Бакуда 83 киши курман болгон, айрым маалы­маттарда 1800дөн ашык киши дайынсыз жогол­гон. Советтик Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы м-н ички иштер министрлигинин атайын аскерле­ри республикадагы абалды көзөмөлгө алган. 24-ян­варда Азербайжан КП БКнын Пленумунда БКнын 1-секретарлыгына А. Везировдун орду­на А. Муталибов шайланган.
'''БАКУ ОКУЯЛАРЫ '''(1990) - [[Азербайжан]] менен [[Армения]]нын ортосундагы [[Тоолуу Карабак]] Автономия облусунун (ТКАО) айланасындагы талаш-­тартыштарга байланыштуу келип чыккан улут аралык кагылышуулар. 1987-жылы ТКАОдо ба­сымдуу көпчүлүктү түзгөн армяндардын облус­тун статусун өзгөртүү жана Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу тууралуу талаптары армян­дар менен азербайжандардын ортосундагы ти­решүүлөргө алып келип, анын натыйжасында качкындардын массалык агымын пайда кылган. Азербайжандар Тоолуу Карабактан, ал эми Баку жана Азербайжандын башка шаарларынан армяндар кетүүгө аргасыз болгон. 1988-жылы 27- 29-февралда Сумгаиттеги армяндар көптөгөн курмандыктарга алып келген массалык тала­п тоноо, сабоолорду уюштурушкан. 1989-жылы Азер­байжанда түзүлгөн Азербайжан Элдик фронту (АЭФ) ТКАОну республиканын курамында калтыруу, азербайжандарды ал жактан чыгарууга ти­йиштүү күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, өлкөнүн жетекчилигин коррупцияланган жана башкарууга жөндөмсүз деп айыптаган. 1990- жылдын башында өкмөттүк имараттардын алдында пикеттер уюштурулуп, жолдорго патрул­дар коюлуп, аскердик гарнизондор блокадага алынган. 13-15-январда Бакуда армяндарды талап-тоноо, сабоо уюштурулган. 17-18-январ­да АЭФтин чакырыгы менен Азербайжан КП БКнын имаратынын алдында республиканын жетек­чилигинин отставкасын талап кылган массалык митинг болуп өткөн. Москвадан келген СССР Жогорку Советинин Союздар Советинин төрагасы Е. М. Примаков, КПСС БКнын секре­тары А. Н. Гиренко, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орунбасары В. X. Догужиев­дер өлкөдөгү абалдын оордугун билдиришкен соң, 19-январда СССР Жогорку Советинин чечи­ми менен республикада «Өзгөчө кырдаал абалы» жарыя­ланып, аскерлер киргизилген. Шаардын комен­дантынын маалыматтары боюнча 19-20-январда Бакуда 83 киши курман болгон, айрым маалы­маттарда 1800дөн ашык киши дайынсыз жогол­гон. Советтик Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы менен ички иштер министрлигинин атайын аскерле­ри республикадагы абалды көзөмөлгө алган. 24-ян­варда Азербайжан КП БКнын Пленумунда БКнын 1-секретарлыгына А. Везировдун орду­на А. Муталибов шайланган.


''А. Орозов.''  
''А. Орозов.''  
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

07:23, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

БАКУ ОКУЯЛАРЫ (1990) - Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак Автономия облусунун (ТКАО) айланасындагы талаш-­тартыштарга байланыштуу келип чыккан улут аралык кагылышуулар. 1987-жылы ТКАОдо ба­сымдуу көпчүлүктү түзгөн армяндардын облус­тун статусун өзгөртүү жана Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу тууралуу талаптары армян­дар менен азербайжандардын ортосундагы ти­решүүлөргө алып келип, анын натыйжасында качкындардын массалык агымын пайда кылган. Азербайжандар Тоолуу Карабактан, ал эми Баку жана Азербайжандын башка шаарларынан армяндар кетүүгө аргасыз болгон. 1988-жылы 27- 29-февралда Сумгаиттеги армяндар көптөгөн курмандыктарга алып келген массалык тала­п тоноо, сабоолорду уюштурушкан. 1989-жылы Азер­байжанда түзүлгөн Азербайжан Элдик фронту (АЭФ) ТКАОну республиканын курамында калтыруу, азербайжандарды ал жактан чыгарууга ти­йиштүү күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, өлкөнүн жетекчилигин коррупцияланган жана башкарууга жөндөмсүз деп айыптаган. 1990- жылдын башында өкмөттүк имараттардын алдында пикеттер уюштурулуп, жолдорго патрул­дар коюлуп, аскердик гарнизондор блокадага алынган. 13-15-январда Бакуда армяндарды талап-тоноо, сабоо уюштурулган. 17-18-январ­да АЭФтин чакырыгы менен Азербайжан КП БКнын имаратынын алдында республиканын жетек­чилигинин отставкасын талап кылган массалык митинг болуп өткөн. Москвадан келген СССР Жогорку Советинин Союздар Советинин төрагасы Е. М. Примаков, КПСС БКнын секре­тары А. Н. Гиренко, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орунбасары В. X. Догужиев­дер өлкөдөгү абалдын оордугун билдиришкен соң, 19-январда СССР Жогорку Советинин чечи­ми менен республикада «Өзгөчө кырдаал абалы» жарыя­ланып, аскерлер киргизилген. Шаардын комен­дантынын маалыматтары боюнча 19-20-январда Бакуда 83 киши курман болгон, айрым маалы­маттарда 1800дөн ашык киши дайынсыз жогол­гон. Советтик Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы менен ички иштер министрлигинин атайын аскерле­ри республикадагы абалды көзөмөлгө алган. 24-ян­варда Азербайжан КП БКнын Пленумунда БКнын 1-секретарлыгына А. Везировдун орду­на А. Муталибов шайланган.

А. Орозов.