ВЕРСТАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЕРСТА́К ''' (немисче Werkstatt – устакана) – иштетилүүчү буюмду бекитүүчү жабдуусу, айрым учурда механикалаштырылган аспабы жана башкалары бар жумушчу стол. Ал бир жана көп орундуу болуп, темир устачылыкка (темир жана башка материалдарды) жана жыгач устачылыкка (жыгач материалдарды иштетүүгө) арналат. Верстакта керектүү аспаптар, жасалгалар, материалдар, тетиктер, техникалык документтер сакталат. Бир орундуу верстактын бийиктиги 0,8 – 0,9 ''м'', туурасы 0,7–0,8 ''м'', узундугу 1,2–1,5 ''м''. Эки же андан көп орундуу верстактардын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө чоӊойтулат. Азыркы учурда көтөрүп жүрүүчү верстак кеӊири колдонулууда. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:05, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВЕРСТА́К (немисче Werkstatt – устакана) – иштетилүүчү буюмду бекитүүчү жабдуусу, айрым учурда механикалаштырылган аспабы жана башкалары бар жумушчу стол. Ал бир жана көп орундуу болуп, темир устачылыкка (темир жана башка материалдарды) жана жыгач устачылыкка (жыгач материалдарды иштетүүгө) арналат. Верстакта керектүү аспаптар, жасалгалар, материалдар, тетиктер, техникалык документтер сакталат. Бир орундуу верстактын бийиктиги 0,8 – 0,9 м, туурасы 0,7–0,8 м, узундугу 1,2–1,5 м. Эки же андан көп орундуу верстактардын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө чоӊойтулат. Азыркы учурда көтөрүп жүрүүчү верстак кеӊири колдонулууда.