ЖЕРГЕ-ТАЛ (Нарын дарыясынын сол куймасы): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

10:13, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРГЕ-ТАЛ – Нарын районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 59 км, алабынын аян­ты 372 км2. Байдулу тоосунун түштүк капталы­нан башталып, кууш, карагайлуу терең капчы­гай м-н агып, төмөнкү агымында өрөөнү кеңийт. Ири куймалары: Күчүк, Сары-Жел, Темир-Саз ж. б. Жылдык орточо чыгымы 0,98 м3/сек; эң көбү 65,4 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягын­да кире баштап, сентябрдын башында тарты­лат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жерге-Тал кыштагы жайгашкан.